ЖМК: тамагынан чач тапкан эркек аялынын чачын кырып салды

Жазылуу
Кармалган кишиге саламаттыкка атайылап залал келтирди деген айып коюлду. Эми ал 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бангладештин полициясы аялынын чачын устара менен кырып салган эркекти кармады. Бул тууралуу GlobalPunjTV сайты жазды.

Ага ылайык, жергиликтүү тургундар эркек киши аялына зомбулук көрсөтүп жатканын айтып, полицияга кайрылышкан.

Полициянын жетекчисинин айтымында, эркек киши аялы жасаган тамактан чач таап алган.

"Ал жини келип, аялына күч колдонуу менен чачын кырып салган", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кишиге саламаттыкка атайылап залал келтирди деген айып коюлду. Эми ал 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0