Украина президенти Зеленский журналисттер менен 14 саат баарлашып, рекорд койду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зеленский Майдандагы каршылык акциялары, Петр Порошенко, Донбасстагы согуштун аякташы, "Штайнмайердин формуласы", "Дональд Трамптын басымы", Кличконун иштен алынышы боюнча суроолорго жооп кайтарган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер үчүн уюштурулуп 14 саатка созулган пресс-марафондо 500дөн ашык суроого жооп берди. Бул жөнүндө ал социалдык баракчасына жазды.

"Марафон болсо, марафон. Пресса менен 14 саат баарлаштык. Үч жүз журналист. 500дөн ашык суроо болду деп айтышты. Алардын бардыгы маанилүү. Баарына жооп бердим", — деп жазды Зеленский.

Саат 10:00дө башталган пресс-марафон түн жарымында аяктаган.

Зеленский Майдандагы каршылык акциялары, Петр Порошенко, Донбасстагы согуштун аякташы, "Штайнмайердин формуласы", "Дональд Трамптын басымы", Кличконун иштен алынышы, "112" телеканалынын лицензиясынын алынышы жана шайлоо учурунда берген убадалары тууралуу суроолорго жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0