Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине берилди

© REUTERS / Tiksa NegeriЭфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү бул сыйлык Эфиопиянын премьер-министрине эрте берилип жаткан болушу мүмкүн дегендер болорун айтып, бирок сыйлык чыныгы ээсин тапканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге берилди. Бул тууралуу Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, Ахмед Али коңшулар менен болгон мамилени жолго салууда эбегейсиз эмгек жумшаганы үчүн сыйлыкка татыган.

Обладатели Нобелевской премии по литературе за 2018 год польская поэтесса Ольга Токарчук и 2019-й — австрийский писатель Петер Хандке - Sputnik Кыргызстан
Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды
Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү бул сыйлык Эфиопиянын премьер-министрине эрте берилип жаткан болушу мүмкүн дегендер болорун айтып, бирок сыйлык чыныгы ээсин тапканын баса белгиледи. Ал ошондой эле журналисттердин "Премьер-министр бул маалыматты кандай кабыл алды?"  деген суроосуна: "Комитеттин мүчөлөрү сыйлык ээлери менен байланышпаганга аракет кылат. Эгер премьер мени угуп жатса, аны бул сыйлыгы менен куттуктайм", - деди.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Сыйлык ээлерине тогуз миллион швед крону (900 миңден ашык доллар) берилет.

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али 43 жашта. Аталган кызматты 2018-жылдын 2-апрелинен тарта аркалап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0