Последствия тайфуна Хагибис в Японии. 12 октября 2019 года

4,2 млн. япониялык үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз. Түйшүк тарттырган тайфун

250
(жаңыланган 13:03 12.10.2019)
Мындай күч менен шамал жүк ташыган автоунааны ала салдырып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп жана электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйратып кетери эскертилди.

БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Япониядагы Миэ, Токио, Сидзуока, Тиба жана Гумма префектураларында 50 миңге чукул адам эвакуацияланат, андан сырткары, үй-жайын таштап коопсуз жерлерге чыга тургандардын жалпы саны 4,3 миллион адамга жетет. Бул туурасында РИА Новости NHK каналына шилтеме кылып маалымат таратты.

Жакындап келе жаткан "Хагибис" аталышындагы тайфундун келтире турган кооптуулугу 19 деген номер менен бааланып, бул өмүргө коркунуч жаралганы боюнча кагылган коңгуроо дешти.

Мындан сырткары, дагы 10 префектурада 4,2 миллион адамга эвакуация боюнча эскертилген.

"Хагибис" тайфуну япон архипелагынан түштүктөн чыгышты көздөй жылып келе жатат. Учурда анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин болууда.

Метеорологдор мунун күчүн 1269 адамдын өмүрүн алган "Ида" ("Каногава") тайфунуна туура келет деп салыштырды. Жаратылыштын бул кубулушу Тынч океан жээктери менен өтүп, борбор калаа Токионун аймагын да камтый турганы айтылган. Учурда Токидо нөшөр төгүп, катуу шамал болуп жаткан чак. Тайфундун Япониянын борборуна жекшембинин түнүндө келери кабарланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге (саатына 162 чакырым), ал эми катууласа секундасына 60 метрге (саатына 216 чакырым) жетет. Мындай күч менен шамал жүк ташыган автоунааны ала салдырып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп жана электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйратып кетери эскертилди.

Былтыр Япониянын батыш тарабындагы тайфун он миңдеген элди электр жарыгысыз калтырган.

250
Белгилер:
океан, шамал, эвакуация, тайфун, Токио, Япония
Тема боюнча
Япониядагы тайфун жүз миңдеген элди жарыксыз калтырды