23 жыл мурда өлгөн рэпер тирүү болушу мүмкүн деп сүрөтүн чыгарышты

© AP Photo / Todd Plitt, FileРэпер Тупак Шакур
Рэпер Тупак Шакур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рэперди 1996-жылдын сентябрь айында Майк Тайсон катышкан мелдештен кайтып келе жаткан жеринен атып кетишкен. Өпкөсүнө ок тийип, бир нече күндөн соң ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Интернетте 23 жыл мурда киши колдуу болгон, 2PAC каймана аты менен таанымал АКШлык Тупак Амар Шакур болушу мүмкүн делген кишинин сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Түштүк африкалык белгисиз адам жүктөгөн бул сүрөттө чын эле Тупак болушу мүмкүн деген пикирин криминалисттер дагы билдирген.

"Адистердин айтымында, сүрөттөгү адам чын эле рэперге аябай окшош. Ал ушул жылы 48 жашка чыкмак. Бирок сүрөт смартфонго кеч курун тартылгандыктан, сапаты жакшы болбой калган. Ошондуктан ал же ал эмес деп так айтуу кыйын", — деп жазылат макалада.

​Рэперди 1996-жылдын сентябрь айында Майк Тайсон катышкан мелдештен кайтып келе жаткан жеринен атып кетишкен. Өпкөсүнө ок тийип, бир нече күндөн соң ооруканада көз жумган. Бирок кийин батыш ЖМКлары "Тупак тирүү калган" деп жазып жүрүштү.

2PAC музыка дүйнөсүнүн тарыхында эң популярдуу хип-хоп-аткаруучулардын бири. Анын ушул убакка чейин дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0