Япониядагы тайфундан каза тапкандардын саны 14 кишиге жетти

© REUTERS / KYODOПоследствия тайфуна Хагибис в в префектура Мияги. Япония
Последствия тайфуна Хагибис в в префектура Мияги. Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токиодо шамалдын ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге чейин жеткен. Мындай шамал жүк ташыган автоунааларды ала салдырып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп, электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйрата алат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Япониядагы "Хабигис" аталышындагы тайфундан каза тапкан кишилердин саны 14кө  жетип, дагы 16 киши изделип жатат. Ал эми жаракат алгандардын саны учурда 120 кишиден ашат. Бул тууралуу РИА Новости Япониянын аймактык агенттиктерине шилтеме берип жазды.

Ишемби күнү кечинде "Хагибис" тайфуну япон архипелагынан түштүктөн чыгышты көздөй жылып келген. Учурда анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин жеткен.

Последствия супертайфуна Лекима в КНР - Sputnik Кыргызстан
Кытайда жүрөк үшүн алган катуу тайфун болуп, миңдеген адам жабыркады. Видео
Токиодо шамалдын ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге чейин жеткен. Мындай шамал жүк ташыган автоунааларды ала салдырып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп, электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйратып кетери айтылат.

Токиодон тышкары 12 префектура жаан-чачындан улам эң кооптуу аймак деп табылган. Ага чейин 23 райондун кооптуулугу жогору экени маалым болгон. Учурда алар кооптуу делген аталыштан чыкты.

Катуу шамалдын кесепетинен көптөгөн электр өткөрүү линиялары үзүлүп, 376 үй жарыксыз калып, 14 үйдө суу өчкөн. Суу каптоолор боюнча билдирүүлөр көп түшүп жатканы айтылат. Нагано шаарындагы Тикума деңизинен суу ташкындап, 160 киши жайгашкан эки карылар үйүн каптаган. Саитама префектурасындагы 260 киши жайгашкан карылар үйүнө дагы суу кирген. Учурда аларды коопсуз аймактарга жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0