Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Жазылуу
Жаш кезинен эле жай кыймылдаган кишилер келечекте Альцгеймер, деменция сыяктуу адам өмүрүн эрте алчу акыл-эс ооруларына кабылышы мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШнын Дьюк университетинин окумуштуулары жай кыймылдаган адамдарда эрте өлүп калуу коркунучу жогору экенин аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, 45 жашка чейин адамдар кыймылдуу болушу керек.

"Жаш кезинен эле жай кыймылдаган кишилер келечекте Альцгеймер, деменция сыяктуу адам өмүрүн эрте алчу акыл-эс ооруларына кабылышы мүмкүн. Тагыраак түшүндүрсөк, ал оорулар адамдын аз кыймылынан келип чыкпайт. Тескерисинче, организмде оорунун алгачкы белгилери бар кишилердин кыймылы жайлап калат", — деп жазылат макалада.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 45 жаштагы 904 ыктыярчыны иликтөөгө алышкан. Жыйынтыгында жай кыймылдаган адамдардын мээси өзү теңдүүлөрдүкүнөн алда канча карып кеткени жана кан тамырларында жабыркаган жерлер бар экени белгиленген.

Альцгеймер, деменция — мээ өз функциясын талаптагыдай аткара албай калган акыл-эс оорулары.

Жаңылыктар түрмөгү
0