Түркиянын Сирияга жасаган чабуулун чагылдырган АКШ телеканалынын калпы чыкты

© AP Photo / Emrah GurelОперация Турции против курдских формирований в Сирии
Операция Турции против курдских формирований в Сирии  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалда түрк армиясы чабуул жасап жаткан видео "окуя болгон жерден алынган кадрлар" деп көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Американын ABC телеканалынын көрүүчүлөрү Сирияда аскерий чабуулдар жүрүп жатканы боюнча эфирден көрсөтүлгөн кадрлардын жалган экенин аныктап чыкты.

Аталган видеорепортаж социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга жем таштаган.

Сириядагы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Сирияда согуштук операция баштады. Дүйнө эмне дейт?
Телеканал кечки берүүсүндө түрк аскерлеринин Сирияга чабуул коюп жатканын баяндап, АКШда болгон аскерий машыгуунун видеолорун көрсөткөн. Материалда "түрк армиясынын чабуулу таасын көрүнүп турган видео окуя болуп жаткан жерден алынган акыркы кадрлар" деп белгиленген. Бирок ал кадрлар чынында 2017-жылы АКШнын Кентукки штатындагы машыгуу учурунда тартылганы белгилүү болду.

Кийинчерээк ABC телеканалынын жетекчилиги видео фейк экенин моюндап, ката кетиргени үчүн өкүнүп турганын айткан. Бирок соцтармактын колдонуучулары телеканал өз аудиториясынын ишенимин жоготконун жазышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0