Тамак аш. Архив

Семирбеш үчүн кеңседе иштегендер кандай тамактанышы керектиги айтылды

560
Адистердин айтымында, ашказанда төрт сааттан ашык тамак жок болсо, чекеси жыйрылып, оорулар башталат. Бул учурда туз кислотасы бөлүнүп, ашказандын жана он эки эли ичегинин челин жабыркатып, жараны, дуоденит жана гастрит ооруларын пайда кылат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Тамактануу жана биотехнология боюнча Россиянын федералдык иликтөө борборунун эксперттери иш учурунда кантип азыктануу керектиги тууралуу кеңеш бергенин "Известия" жазды.

Маалыматта биринчи кезекте түштөнүүнү калтырбоо зарыл экендиги белгиленет. Күнүнө беш-алты жолудан азыктануу керек. Алардын ортосундагы аралык 2,5-3 сааттай болушу шарт. Андан көбүрөөк убакыт болсо организм стресске кабылышы ыктымал.

"Ашказанда төрт сааттан ашык тамак жок болсо, анын чекеси жыйрылып, ачкалыктан оорулар башталат. Бул учурда туз кислотасы бөлүнүп, ашказандын жана он эки эли ичегинин челин жабыркатып, жараны, дуоденит жана гастрит ооруларын пайда кылат", — деп айтылат макалада.

Ошол эле учурда түшкү тамактын ордун пирожки, булочкаларга алмаштырган болбойт. Эң жакшысы — жаныңызга тамак алып келип алыңыз. Офистен майлуу тамак ичүү толуп кетүүгө алып келет. Ошондой эле туздуу азыктар буттун шишишин жана кан басымдын жогорулашын шарттайт.

Шаш-шум этүүдө мөмө-жемиш, кургак жемиш, жаңгак, кээде аз өлчөмдө ачуу шоколад керекке жарайт. Андан тышкары, жер-жемиштерди колдонгон пайдалуу. Алар витамин жана минералдарга бай экендиги маалым. Адамды семиртип да жибербейт.

Мындан башка да суткасына бир-эки литр суу ичүү керектиги жазылган. Иш столунан 30-40 мүнөт сайын туруп, дене-башты кыймылдатып, көнүгүүлөрдү жасаса, кан айлануу жакшырат.

560
Белгилер:
оору, ашказан, тамактануу, эксперт, жумушчу
Тема боюнча
Жүзүм жеген жүзгө чыгат. Окумуштуулардын жаңы изилдөөсү
Күзүндө оорубаш үчүн эмне жеш керектиги айтылды