АКШ Түркияга жаңы санкция саларын айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАКШнын жана Түркиянын желектери. Архив
АКШнын жана Түркиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп вице-президенти Майк Пенс жана Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурай турган болсо, анын кесепети түрк экономикасын "алып түшө" тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эгерде Анкара Сириянын түндүгүнө жасаган чабуулун токтотпосо, АКШ Түркияга карата кошумча санкцияларды салууга даяр. Бул туурасында "Франс Пресс" аталган өлкөнүн финансы министринин айткандарына таянып кабарлады.

Шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп вице-президенти Майк Пенс жана Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурай турган болсо, анын кесепети түрк экономикасын "алып түшө" тургандыгын айткан.

Буга чейин Трамп Анкаранын Сириянын түндүк-чыгышындагы аракеттери боюнча аларга карата санкция салууга Жарлык чыгарган. Америка лидери финансылык багыттан тарта келечекте дагы башка бир топ санкциялар болорун жазган. Азырынча тизме Түркиянын Коргонуу жана Энергетика министрликтери жана алардын жетекчилери менен "толукталды". Мындай "каарга" Эрдогандын "Өнүгүү жана адилет" партиясынын жетекчисинин орун басары да кабылган.

Операция Турции против курдских формирований в Сирии  - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Сирияга жасаган чабуулун чагылдырган АКШ телеканалынын калпы чыкты
9-октябрда Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

Түрк авиациясы ошол эле күнү Рас эль-Айн жана башка эки өлкөнүн чек арасындагы Сириянын шаарларына сокку жасаган. Сириянын жалпыга маалымдоо каражаттары бомбалоодон жергиликтүү жашоочулар каза болуп, жаракат алганын кабарлаган. Кечирээк кургактан чабуул жасалган. Андан кийин түрк аскерлери менен Сирия оппозициясы эки шаарды ээлеген. Эрдоган Трамптан күрд аскерлер түзүмүн колдоосун токтотуусун сурангандыгын коомчулукка кабарлаган. Анткен менен АКШ муну аткарбагандан кийин Түркиянын Вашингтондун согуш отун токтотуу чакырыгына кулак салбай тургандыгы анык болгон.

Бул окуялардын фонунда Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп батыш мамлекеттерин Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында жүргөн согушкер жарандарын алып кетип, аларды өз өлкөсүндө жазалоого чакырды.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter аккаунтуна сириялык күрддөрдү ким коргоп жатканы ага баары бир экендигин жазганы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0