Фастфуд эркекти төшөктө алсыратат. Жаңы иликтөө

© AFP 2023 / REMY GABALDAПродажа гамбургеров
Продажа гамбургеров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер балалуу болом, бактылуу жашайм деген эркектерге фастфуд жана газдалган суусундуктардан баш тартууну сунуштайт.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар фастфуд эркекти тукумсуздук илдетине чалдыктырышы мүмкүн деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу "Андрология" журналы жазды.

Маалыматка караганда, организмде май канчалык көп болсо, ошончолук тестостерондун бөлүнүп чыгуусу азаят.

"Эркек фастфуд сыяктуу өтө майлуу тамак жегенден кийинки бир саат ичинде кандагы тестостерондун көлөмү 25 пайызга азайып, кийинки төрт саат бою төмөн бойдон кармалат. Буга майдын өзү түздөн-түз таасир этпейт. Организм аны сиңирүү үчүн энергиясын үнөмдөп, тестостерон бөлүп чыгаруусун азайтып коёт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай шартта ашыкча салмак кошулуп, эркектин сексуалдык активдүүлүгү начарлай берет. Бул нерсе бара-бара тукумсуздукка алып келиши ыктымал.

Андыктан адистер балалуу болом, бактылуу жашайм деген эркектерге фастфуд жана газдалган суусундуктардан баш тартууну сунуштайт.

Баса, дарыгерлер газдалган суусундук эркектин бел суусунун сапатын дагы начарлатарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0