Facebook социалдык тармагы. Архивдик сүрөт

Facebook RT агенттигинин орус ашканасы тууралуу баракчасын өчүрүп салды

66
(жаңыланган 12:03 18.10.2019)
Russia Today долбоорунун башкы редакторлорунун бири алгач аккаунтта ар кандай көйгөйлөр жаралып, андан кийин баракча жоголуп кеткендигин айтып берди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы Russia Beyond долбоорунун орус ашканасынын рецепттерин жазган баракчасын өчүрүп салгандыгын RT агенттиги билдирди.

Russia Beyond долбоорунун башкы редактору Всеволод Пулянын айтымында, баракча Russian Kitchen деп аталып, ага 40 миң адам катталган болчу.

Ошондой эле бир убакта бардык администраторлорго "Сториз бөлүмүнө маалыматтарды киргизүү чектелди" деп билдирүү келген. Бир нече күндөн кийин ачык-айкындуулук үчүн администраторлордун жашаган өлкөсү көрсөтүлүшү керектиги айтылган билдирүү жөнөтүлгөн.

"Дагы бир нече күндөн кийин баракчага маалымат чыкпай калды. Тагыраагы, ал администраторлор үчүн гана ачык болуп, интернетте көрсөтүлбөй калган. Биз анын эмне болгонун териштирип баштадык. Так бир себебин таба албадык. Профилде "Балким, Facebook эрежелерин буздуңуз, спам жөнөттүңүз же контент уурдадыңыз" деген жазуу турат. Биз "аппеляция берүү" баскычын бастык", — деди ал.

Башкы редактор бир нече күндөн кийин баракча "жоголуп" кеткенин кошумчалады.

"Эч жактан, эч кимибизге билдирүү келген жок. Техникалык колдоо кызматы үн ката элек. Facebook компаниясынын өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк жок", — деди Пуля.

Facebook социалдык тармагы май айында Россия менен байланыштуу 100дөй аккаунтту өчүргөнүн билдирген. Ага чейин январь айында 500 аккаунтту, анын ичинде Sputnik агенттигинин жети баракчасын өчүргөн.

66
Белгилер:
өчүрүү, баракчалар, Facebook, Russia Today, Россия
Тема боюнча
Симоньян Facebook компаниясынан Sputnik аккаунттарын жапканына түшүндүрмө сурады
Россиянын президенти БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөө учурунда

Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди

89
(жаңыланган 10:27 23.09.2020)
Путин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып уюмдун кызматкерлерине "Спутник V" вакцинасын акысыз берүүгө даяр экенин айткан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Россиянын президенти Владимир Путинге уюмдун кызматкерлери үчүн коронавируска каршы вакцина берүү сунушуна ыраазычылык билдирди. Бул туурасында уюмдун башкы катчылыгынын атайын өкүлчүлүгү билдиргенин РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Путин кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып уюмдун кызматкерлерине Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасын акысыз берүүгө даяр экенин айткан.

"Биз Путинге жоомарттыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ал вакцина биздин медициналык кызмат тарабынан иликтенет", — деп билдиришкен БУУнун кеңсесинен.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле Путин келечекте коронавируска каршы дары дүйнө боюнча баарына жеткиликтүү болушу керектигин белгилеген.

Аны менен катар COVID-19га каршы препараттын кооперациясын түзүү боюнча кызыкдар мамлекеттер менен онлайн-конференция өткөрүүнү сунуштаган.

89
Белгилер:
ыраазычылык, Владимир Путин, БУУ, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин ДССУнун потенциалын жакшылап бекемдөөгө чакырды
Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды
Цирктеги тигр. Архив

Чехияда жаныбарларды цирк оюндарына пайдаланууга тыюу салынат

27
(жаңыланган 09:19 23.09.2020)
Мыйзамды өзгөртүүгө 66 депутат макулдук берсе, экөө каршы чыккан. 33 депутат калыс добуш бергени айтылат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Чехия парламентинин төмөнкү палатасы циркте жаныбарларды пайдаланууга тыюу салууга багытталган мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү "Эколист" басылмасы билдиргенин "Известия" жазды.

Палата депутаттары үчүнчү окууда "Жаныбарларды зомбулуктан коргоо боюнча" мыйзамын өзгөртүүгө добуш беришкен. Сунушталган түзөтүүлөр өзгөчө жапайы жаныбарларды циркте үйрөтүүгө байланыштуу болгон.

Швеция пил менен деңиз арстандарын цирк оюндарына тартууга тыюу салды

Мыйзамды өзгөртүүгө 66 депутат макулдук берсе, экөө каршы чыккан. 33 депутат калыс добуш бергени айтылат.

Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, жаныбарлардын бардык түрлөрүн, алардын жаңы туулган балдарын циркте үйрөтүү, көбөйтүү жана пайдалануу токтотулат.

Өзгөртүүлөрдү сенат жана өлкө президенти бекитиши керек.

"Палата депутаттары мындай кадамга барганына мен ыраазы болдум. XXI кылымда жапайы жаныбарлардын циркте зомбулукка кабылган учуру болбошу керек", — деген мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Франтишек Ваха.

Чехиянын мыйзамдарында буга чейин 2004-жылдан кийин туулган жапайы айбанаттардын айрым түрлөрүн, атап айтканда, маймылдарды, кериктерди, бегемотторду, акыра, кит тукумундагы жаныбарларды, дельфиндерди эске албаганда пайдаланууга тыюу салынган болчу.

Эки жыл мурда жүргүзүлгөн сурамжылоодо өлкө элинин 74 пайызы циркте жапайы айбанаттарды пайдаланууну токтотууну колдошкон.

27
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, зомбулук, цирк, жапайы жаныбарлар, Чехия
Тема боюнча
Бекманбетов: мамлекеттик циркте жети эле жылкы бар
Стационар. Архивдик сүрөт

COVID: Бишкекте чакан стационарлар ачылууда. Ленин району боюнча тизме

0
(жаңыланган 12:29 23.09.2020)
Мэриядан билдиришкендей, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сузакта лицейдин эски жатаканасы жугуштуу оорулар бөлүмүнө айланды. Сүрөт

Негизи эле бул райондогу эпидемиологиялык абал менен таанышуу жана күндүзгү стационарлардын даярдыгы тууралуу райондун акими Чынасыл Чыныбаев таанышты.

Ленин районундагы убактылуу чакан стационарлар:

  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
  • №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.

Мындан тышкары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.

Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:

  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.

Эске салсак, Ленин районунда жети күндүзгү стационар бар.

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Мэриядан кошумчалашкандай, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

0
Белгилер:
стационар, пандемия, коронавирус, Бишкек
Тема боюнча
Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды
Бишкектин үч жериндеги стационарда орундар, дары-дармектер камдалды. Сүрөт