Индияда 75 жаштагы кемпир көз жарды. Сүрөт

© AFP / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кемпир 80 жаштагы күйөөсү менен акылдашып, жасалма жол менен бойго бүтүрүү процедурасын колдонгон. Ал Раджастан штатындагы Кота шаарында көз жарган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Индиялык 75 жаштагы кемпир көз жарып, жети айлык ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Окуя Раджастан штатындагы Кота шаарында болгон. 75ке чыккан кемпир 80 жаштагы күйөөсү менен акылдашып, жасалма жол менен бойго бүтүрүү процедурасын колдонгон.

Роддом в Нанте - Sputnik Кыргызстан
Польшада ымыркай апасы каза болгондон кийин 56 күндөн соң төрөлдү
Ымыркай ай-күнүнө жетпей жети айлык болуп төрөлгөн. Анын салмагы 700 граммды түзөт.

Дарыгерлердин айтымында, ымыркайдын энеси жаш курагына байланыштуу өзү төрөй албагандыктан, дарыгерлер кесарево ыкмасын пайдаланган.

Бөбөктү жарык дүйнөгө келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышкан. Дарыгерлер баланын абалы жакшы экенин айтышууда.

Буга чейин да индиялык байбиче 74 жашында перзент жыттаган болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0