Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив

Назарбаевдин небереси Лондондо соттолду

3822
(жаңыланган 22:53 18.10.2019)
Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 30 жаштагы небереси Лондондо шарттуу соттолду. Бул тууралуу ВВС жазды. 

Эске салсак, Лондондун Сазарк районундагы Королдук сот Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан полиция кызматкерлерине кол салды деп кармалып, соттук териштирүүлөр башталган.

Сот мурдагы президенттин небереси полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн маалда баңги заттын таасири алдында болчу деп чечим чыгарды.

Өкүмгө ылайык, Наразбаев бир жарым жылга шарттуу кесилди. Мындан тышкары, ал 140 саат коомдук иштерге тартылышы шарт. Ошондой эле 1 миң фунт айып төлөп, 5 миң фунттук чыгымдын ордун толтурушу керек. Эгер бул шарттарды бузса, шарттуу кесилүүсү реалдуу жаза өтөөгө алмаштырылат.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

3822
Белгилер:
өкүм, сот, небере, Нурсултан Назарбаев
Тема боюнча
Назарбаевдин жээн небереси Лондондо полицияга кол салды деп күнөөлөнүүдө
Москвадагы ЖОЖго тапшыргандар. Архивдик сүрөт

Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот

25
(жаңыланган 20:08 25.09.2020)
Россиянын жогорку окуу жайларында жакынкы чет өлкөлөр менен Балтика боюндагы республикалардын абитуриенттеринин бекер билим алуу системасын реформалоо керектигин Россотрудничество агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков билдирди.

Алексей Стефанов

РФтин Мамлекеттик думасынын депутаты Евгений Примаков быйылкы жылдын июнь айында Россотрудничество агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Ал дароо эле россиялык бул агенттикте олуттуу өзгөрүүлөр болорун убада кылган. Жаңы жетекчи аталган уюмдун талылуу темаларынын бири – чет элдик жарандардын россиялык ЖОЖдорго квота бөлүү системасы экендигин айтты. 

Депутат Государственной Думы РФ Евгений Примаков на пленарном заседании Государственной Думы РФ.
© Sputnik / Владимир Федоренко
РФтин Мамлекеттик думасынын депутаты Евгений Примаков
"Квотанын саны көбөйөт, президент (РФ президенти Владимир Путин – ред.) алардын арбый тургандыгын айтты. 2023-жылга карата эки ирет көбөйөт. Бирок биз Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлигиндеги, Мамлекеттик Думадагы кесиптештерибиз менен квота тарыхы майнаптуу болбой келгенин талкуулап жатабыз", — деп айтып берди Россотрудничество уюмунун жетекчиси Евгений Примаков Sputnik агенттигине.

ЖОЖдорго көп орун бөлгөн Беларусту мисал катары келтирип, бирок Россиянын "ал тургай Польша менен теңтайлашканы оор" экендигин билдирди.

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

"Поляктар билим алууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, студенттер үчүн гранттарды, стипендияларды чектейт. Биз атаандаша албайбыз. Биз болгону студенттерге келип, окуганды гана сунуштай алабыз. Квоталардын жок дегенде бир бөлүгүндө стипендия менен гранттар пайда болгондой системаны өркүндөтүшүбүз керек. Келип, окугула гана дебестен, учуп кеткенге билетиң мына, а бул — жатакана же баш калкалай турган жайга мүмкүнчүлүк беришибиз керек", — деди Примаков.

Россотрудничество Россияга билим алам деп келген чет элдик студенттер окуган тармагында мыкты адис болуп чыгышына кызыкдар экендигин айтты. Окуудан кийин алар мекенине кайтып, маанилүү деген позицияны ээлеп, жакшы ишке орношуусу керек. Бирок азыркы системада бул пландар ишке ашпай жатат.

"Россияга келип, кыйын кырдаалга тушуккан балдар бар, алар короо шыпырып же такси айдап иштеп кетип жатышат. Биздин бюджеттик акчаны ал студенттердин окуусуна чыгымдаган учурду эске алганда да такыр туура эмес көрүнүш", — деп түшүндүрдү Россотрудничество жетекчиси.

Азырынча квота бөлүү системасын реформалоо боюнча так пландар болбогонун, аталган жааттагы көйгөй учурда талкуулануу стадиясында экендигин кошумчалады. Примаков анткен менен реформасыз мындан аркы кадамдар болбой турганын белгиледи.

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Чет элдик студенттер үчүн бюджеттик орундарга бөлүнгөн квотаны 15 миңден 30 миңге чейин көбөйтүү Мамлекеттик Думада 2020-жылдын башында бир топ талкууланган. Анда Думанын КМШ иштери, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников 15 000 орун Россиянын гуманитардык күчүнө жана эл аралык ролуна туура келбей тургандыгын айткан. Беларусь жарандары үчүн 10 миң бюджеттик орун бөлгөн Польшаны мисал келтирип, Румыния жыл сайын Молдованын 5000 атуулун бекер окутуп жаткандыгын кабарлаган. Ал учурда Россияда билим алууну ниетинде арыз берген чет элдиктердин саны 100 миңге чукулдап барган. Жыйынтыгында Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин планында чет элдик студенттерге каралган квотаны 30 миң орунга көбөйтүү планы коюлду.

25
Белгилер:
квота, билим берүү, ЖОЖ, Кыргызстан, Евгений Примаков, Россия
Тема боюнча
Бир маалым кат жетиштүү. Кыргызстандык студенттер Россиядан кантип иш таба алат

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

69
Россия чет мамлекеттерге иштеп чыккан вакцинасын массалык түрдө жөнөтпөйт. Анын ордуна башка өлкөлөр менен вакцинанын технологиясын бөлүшүүгө даяр. Бул туурасында Гамалея атындагы институттун директору Александр Гинцбург билдирди.

Учурда Россияда дагы эки вакцина сыноодон өтүп жатат. 2020-жылдын 22-сентябрында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дарыны клиникалык жактан сыноого уруксат берди. Аны Россиянын илимдер академиясы иштеп чыккан. "Вектор" илимий борбору жасаган дагы бир вакцинаны сыноо аяктап бара жатат. Жакынкы чет өлкөлөр россиялык вакцинаны кантип ала алат жана эмне үчүн Россия өзүнүн иштеп чыккан ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин биздин видеодон көрүңүз.

69
Белгилер:
Технологиялар, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, КМШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Жол кырсыкка кабылган унаа. Архивдик сүрөт

Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 21:12 25.09.2020)
Жол кырсыгы 20-сентябрда болуп, андан үч адам жабыркаганы айтылды. Окуянын видеосун материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Күйүкова менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, кырсык болгон учур кадрга түшүп калган.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Маалымдалгандай, кырсык 20-сентябрда болуп, анда Volkswagen менен Mazda үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, биринчи автоунаа солго бурулайын деп жатканда артында келе жаткан машина аны катуу сүзгөн. Жыйынтыгында бурулайын деген автоунаа тегеренип кеткен.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Тез жардам медициналык борбору кабарлагандай, кырсыктан үч адам жабыркаган.

0
Белгилер:
автоунаа, видео, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер