Эркектер ден соолугу чың болуу үчүн кайсы убакта машыгуусу керек?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМашыгып жаткан бала. Архив
Машыгып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жумалык иликтөөгө ашыкча салмак менен жабыркаган 30 эркек киши катышкан. Алар кандагы канттын деңгээлин тамакты мүнөздөп гана ичип эмес, спорт менен машыгып дагы көзөмөлдөсө болорун айтышкан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эркектер спорт менен эртең мененки тамакка чейин машыкса, организмдин инсулинге (адамдын уйку бези иштеп чыгаруучу белоктуу гормон — ред.) болгон реакциясын жакшыртып, кант диабетинен жана жүрөк кан тамыр ооруларынан оолагыраак болот. Мындай жыйынтыкка Улуу Британиянын университеттеринин окумуштуулары келгенин РИА Новости жазды.

Исландия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар табияты эң коопсуз болгон өлкөлөрдү атады
Алты жумалык иликтөөгө ашыкча салмак менен жабыркаган 30 эркек киши катышкан. Алар кандагы канттын деңгээлин тамакты мүнөздөп гана ичип эмес, спорт менен машыгып дагы көзөмөлдөсө болорун айтышкан. Эртең мененки тамакка чейин физикалык көнүгүү жасагандар, азыктанып бүткөндөргө салыштырмалуу ашыкча майдан эки эсе көп арылган. Алар өзүн жакшы сезип калганын да кошумчалашкан.

Окумуштуулардын пикиринде, ачкарын машыккан учурда майдан көп арылгандын себеби организмде инсулин гормону төмөн болот. Адам таң аткыча ачка болуп калат дагы көнүгүүлөрдү жасаганда майы көбүрөөк кетет.

Учурда окумуштуулар мындай режимди узак убакыт кармоонун жыйынтыгы кандай болорун жана аялдарга таңкы машыгуу кандай жардам берерин изилдеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0