Кытай тогуз айда 11 миллион жумушчу орун түздү

© AP Photo / Andy WongКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири шаарларда 10,97 миллион жаңы жумушчу орундары пайда болуп, бул быйылкы жылга белгиленген пландын 99,7 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кытай бир жылда 11 миллион жумуш орун түзүү планын тогуз айдын ичинде аткарды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Кытайдын мамлекеттик бюросунун расмий божомолу боюнча, 2019-жылдын жыйынтыгы менен жумушсуздардын саны 4,5 пайызды түзүшү керек.

Ири шаарларда 10,97 миллион жаңы жумушчу орундары пайда болуп, бул быйылкы жылга белгиленген пландын 99,7 пайызын түзөт.

2018-жылы жумушсуздардын саны 3,8 пайызды көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0