Күчүктөр. Архив

АКШда туулган жашгылт түстөгү күчүктүн видеосу

1419
Кэдди Уильямс ити тууган күчүктүн башкача түстө экендигин дароо билген эмес. Качан гана аны караңгы бөлмөдөн көргөндө байкагандыгын айтып берген.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШнын Каньон шаарында жашгылт түстүү күчүк туулгандыгын KRDO телеканалы билдирген.

​Телеканал күчүктүн башкалар менен ойноп жаткан видеосунан үзүндү көрсөткөн.

Үч жаштагы иттин кожойкеси — Кэдди Уильямс сегиз күчүк туулганын, алардын ичинен бирөө башкача түстө экендигин караңгыда капыстан байкагандыгын айтып берген.

Кэдди Уильямс күчүктүн мындай өңдө туулушуна энесинин курсагында жатканда өттөн чыккан жашыл зил себепчи болуп, терисине таасирин тийгизиши мүмкүн деген.

Телеканал бул түс акырындык менен жоголуп кете тургандыгын айткан.

1419
Белгилер:
ит, күчүк, АКШ
Тема боюнча
Күлгө айланган журтта кожоюнун бир ай күткөн күчүк. АКШдагы окуянын сүрөтү