Тарыхта биринчи жолу! Учак конбой 20 саатка чукул жол жүрдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүBoeing 787-9 учагы. Архив
Boeing 787-9 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки рекорд Singapore Airlines компаниясына таандык болчу. Алардын учагы Сингапурдан Нью-Йоркко жолдо эч бир жерге конбой, 18 саат 50 мүнөттө жеткен.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Австралиялык Qantas Airlines авиакомпаниясынын учагы 19 саат 14 мүнөт бою эч бир аэропортко конбой, болжогон жерине түз жетти. Бул авиация тарыхында эң узак учкан факты экенин FlightAware порталы жазды.

Boeing 787-9 лайнери Нью-Йорк шаарынан Сиднейге багыт алып, эч жерге токтобой 16 миң 309 чакырым аралыкты басып өткөн.

​Бул тарыхый окуяга экипаждын 10 мүчөсүнөн (алардын төртөө пилот) сырткары 40 жүргүнчү күбө болду. Асманда жүргүнчүлөрдүн акыбалын дарыгерлер көзөмөлдөп турду. Анткени мынчалык узак убакыт бою кыймылсыз отуруу кандын жүгүрүүсүн начарлатып, бутту шишитип ийиши мүмкүн эле.

​Бул каттамды компания сыноо максатында жасаган. Эми анын жүрүшү тууралуу адистер бүтүм чыгарып, ийгиликтүү өттү деген чечим кабыл алынса, 2022-жылы Нью-Йорк — Сидней түз каттамы ачылат.

Буга чейинки рекорд Singapore Airlines компаниясына таандык болчу. Алардын учагы Сингапурдан Нью-Йоркко учуп, ортодо эч жерге токтобой, 18 саат 50 мүнөттө жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0