Дональд Трамп. Архив

АКШнын мамлекеттик катчысы: Трамп Түркия менен согушууга даяр

1193
Помпео эгер аскердик аракет зарыл болсо, президент аны толугу менен колдонууга даяр экендигин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркия менен согушууга даяр экенин мамлекеттик катчы Майк Помпео CNBC телеканалына берген маегинде билдирген. 

Помпео президент Трамп Анкаранын аскерий аракеттерине каршы турууга даяр экендигин, бирок Вашингтон согушка караганда тынчтыкты жактаарын айтты.

"Бирок силер билишиңер керек: эгер аскерий аракеттер зарыл болсо, президент алардын баарын колдонгонго даяр", — деген ал.

9-октябрдан тарта Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд отряддарына каршы "Тынчтык булагы" операциясын баштаган. 17-октябрда АКШ менен Түркия операцияны 120 саатка токтото туруу боюнча сүйлөшүп, күрд кошуундарын Түркия менен Сириянын чегиндеги 30 чакырымдык буфердик аймакка алып чыгуу тууралуу кеп болгон.

21-октябрда Сирияда чет элдик согушкерлер камалып турган 12 абак кароосуз калганы кабарланган.

 

1193
Белгилер:
согуш, Дональд Трамп, АКШ, Сирия, Түркия
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев во время церемонии официальной встречи в резиденции Куксарой города Ташкент. 11 марта 2021 года

Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады

32
(жаңыланган 15:36 13.05.2021)
Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар да талкууланган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров Мирзиёевге кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжал жана аталган өлкөнүн куралдуу кол салуусунан улам ошол кездеги курчуп турган кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

"Эки өлкө башчылары Орозо айтка байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.

Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган. Кыргызстандыктардын көбү өлкө суу ресурстарынан ажырайт деген тынчсыздануусун билдирген.

Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.

25-апрелде алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев жолугушуу өткөрүп, мындай реакциядан кийин ал өзбек тарапка мурда сүйлөшүлгөндөй болбостугун айткан.

Президент Жапаров бул боюнча маселеге кайрылып, УКМК төрагасы Ташиев протоколго кол коюп келгени менен эле чек ара маселеси чечилип калбастыгын айткан.

"Чек ара маселеси бир жактуу эле "бизге чечилиши керек" деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Жергиликтүү калк, албетте, каршы чыгууда. Алар "өз жерибизди бербейбиз, туура эмес болуп калды" деп жаткандан кийин элдин да пикирин угушубуз керек. Мындан ары калк менен макулдашып, эсептешебиз", — деген Жапаров.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин аталган сүйлөшүүлөр токтоп калган.

Эгерде чек ара тилкесинде кайсы жерлер боюнча сөз болуп жатканы белгисиз болсо, бул видеону көрсөңүз болот.

32
Белгилер:
делимитация, чек ара, Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаров, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
550 млн. долларлык 60 долбоор. Кыргыз-өзбек министрлеринин жолугушуусу
Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты
UFC мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады

41
Чеченстандын башчысы Кадыров чемпион Хабиб Нурмагомедовго өзүнүн "Ахмат" клубунда каалаган салмактагы спортчу жана сураган гонорары менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) долбоору экенин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кадыров социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Анын видеосун РИА өзүнүн telegram-баракчасына жайгаштырды.

"Хабиб жакшы спортчу, чемпион, бирок ал 100 пайыз UFC уюмунун долбоору. Себеби уюмдун президенти Дэйна Уайт менен мамилеси жакшы. Адатта мушкерлер беттешке чыкпай койсо рейтингден алып салышат, ага болсо (Хабиб) тийишишкен жок. Өзү деле лиганын долбоору экенин билген. Кандай жол менен бара жатканын туйду, ката кетирбеди, анан чемпиондукка жетти. Эгер ошол калп болсо эмнеге Россиянын же Дагестандын желеги менен чыкпайт. Факт деген факт, ал UFC уюмунун долбоору. Менин пикириме өзү деле кошулса керек", — деген Кадыров.

Ошондой эле Хабиб Нурмагомедовго өзү негиздеген "Ахмат" клубунда каалаган гонорарда, каалаган спортчу менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

"UFC мушкерлердин сазайын берчү ал, "Ахматта" ошенте алабы деген суроо. Хабиб каалаган салмактагы спортчу менен жана сураган гонорарында беттеш өткөрүп берүүгө даярмын. Мурдагы сый акыларынан да көп төлөп бере алам", — деген Кадыров.

Мындан тышкары, Швециянын атынан чыгып жүргөн чечен мушкер Хамзат Чимаевди колдоого алып, чемпиондук курга татыктуу экенин айткан. Акырында Хабибге сөз ыргытып, "жеңилбес болуп кеткен чемпиондорго ийгилик" деген.

32 жаштагы Нурмагомедов 29 ирет беттешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. UFC уюмунда 2012-жылдан бери күч сынашып келип, 13 ирет жеңишке жеткен. Үч жыл мурун Хабиб калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен америкалык Эл Яквинтаны утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон. Андан кийин Конор Макгрегорду, Дастин Порьени жана Жастин Гэтжини утуп, үч ирет наамын коргогон.

2020-жылдын октябрында Хабиб Гэтжи менен кез келип, уткандан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Өз чечимин спортчу апасына берген убадасы менен түшүндүргөн. Бул мушкердин атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун өлүмүнөн кийинки биринчи жана акыркы беттешүүсү болгон.

41
Белгилер:
долбоор, беттешүү, Рамзан Кадыров, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду
86 жашта Калча Матраимова дал ушул Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт

Үйүнө Айгүл эккен Калча апа: 150 түп гүлдү өстүрүүгө 40 жыл убакыт кетти

0
Калча апа өз үйүнүн бакчасына кол жеткис гүлдөрдү 40 жылдан бери өстүрүп келе жатат. Алгач Айгүлдүн эки түп тамырын отургузуп, жыл сайын уругун алып сээп отуруп 150гө жеткирген. Учурда анын короосу өзүнчө бакчага айланган.

Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Айгүл гүлү апрель айынын орто ченинде гүл ачып, 20 күндөй гүлдөйт. Мындай өсүмдүк Баткенде гана өсөт. 86 жашта Калча Матраимова дал ушул Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт.

Сейрек кездешкен Айгүл гүлүн аздектеген Калча апа Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, өсүмдүктүн сырлары менен бөлүштү. 

— Айгүл гүлүн тоодон алып келип үйүңүздө көбөйтүүнү максат кылдыңыз беле?

— Бала кезде классташтар. мугалимдер менен чогуу азыркы Айгүл-Таш тоосуна экскурсияга чыгаар элек. Айгүл гүлүн үзүп, терип ойночубуз. Ал убакта азыркыдан көп жерде бажырайып гүл ачып, бийик болуп өсчү. Атайын корукка алына элек эле. Айгүлгө азыркыдай маани деле берилчү эмес. Бирок короодо өстүргөндөр бирин-серин бар болчу.

Совет доорунун 80-жылдарында балдарымдын мектепте окуган кези. Бир күнү ойноп жүрүп "Айгүл гүлүн каздык" деп пияздай болгон тоголок эки тамырын көтөрүп келишти. Аны күнөстүү, жумшак топурактуу жерге тигип койдук. Чөбүн отоп, суу куюп карадык. Бирок жакшы көктөп өспөй койду. Кийин аны көлөкө түшкөн тескей, таштактуу жерге көчүрдүк. Анан бой көтөрүп өсө баштады. Көрсө, Айгүл тоо-ташта өсүүгө ыңгайлашкан жапайы гүл экен. 

86-летняя Калча Матраимова из села Кара-Булак, которая дома разводит краснокнижное растение Айгуль (рябчик Эдуарда).
© Фото / Диана Матисаева
86 жашта Калча Матраимова Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт

— Демек бул гүл өзү эле гүлдөп өсө берет экен да?

— Ооба, бирок малга тепселетпей жакшы кароо керек. Мен өстүрүп баштаганда Айгүл-Таш тоосун корукка айландырууга өтүшкөн. Мен да аяр мамиле кылып, кызыгып баштадым. Айгүл гүлү уругун сепкен жылы эле гүлдөбөйт. Алгач бир кулакча пайда болот, кийинки жылы экинчиси, ошентип беш-алты жылда гүлүн ачууга даяр болот.

— Мындай гүлдү өстүрүп, көбөйтүү үчүн кандай эмгек талап кылынат?

— Алгач өстүрүп баштаганда тамырынан тиккен эки түп гүлүм бажырайып гүлдөп, уругун чачайын деп турган чакта бирөөсүнүн башын уурдатып жибердим. Түндө ким алып кеткени белгисиз, башын кыркып алышыптыр. Мунун айынан ал жылы урук алып көбөйтө албай калдым. Кийинки жылдары уругу бышканда алып, жок жерлерге сээп акырындан көбөйтө баштадым. Мында да өзгөчө көңүл буруп караш керек. Уругу бышканда өз маалын таап алып калбасаң, шамал менен учуп да кетет. 

Краснокнижное растение Айгуль (рябчик Эдуарда), которую дома разводит 86-летняя Калча Матраимова из села Кара-Булак
© Фото / Диана Матисаева
Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Айгүл апрель айынын орто ченинде гүл ачып, 20 күндөй ошол кооздугун сактап турат

— Кара-Булак айылында сизге окшоп Айгүл гүлүн өстүрүү кадыресе көрүнүшпү же кандай?

— Азыр үйдүн алдында 150 түптөй бар. Арасында уругунан жаңы чыгып өсүп баштагандары да көп. Балдарым үйлөнүп, өз үйлөрүнө бөлүнгөндө уругунан алышкан. Бирок өстүрө албай коюшту окшойт, гүлдөгөн жок. Айылда кошуналарым дагы кызыгып уругун алып, бирок карай албай таштап койгондор да бар (күлүп). Негизинен көпчүлүгү үйүндө бирден-экиден өстүрөт.

— Демек, мунун сырын сиз эле билет турбайсызбы.

— Ооба, башында гүлдү кызыгып өстүрсөм, азыр эрмегим болуп калды. Билинбей 40 жылдай убакыт өтүп кетиптир. Жаз алды менен көз салып карайм, гүл ачышын күтөм. Июнь айында уругун терип алам да, бош жерге кайра сээп көбөйтөм. Негизи Айгүл гүлү жапайы болгондуктан суу берип багуунун деле кереги жок. Бирок корукка алып, малга жедирбей, үздүрбөй караш керек. 

86-летняя Калча Матраимова из села Кара-Булак, которая дома разводит краснокнижное растение Айгуль (рябчик Эдуарда).
© Фото / Диана Матисаева
Калча Матраимова: Башында гүлдү кызыгып өстүрсөм, азыр эрмегим болуп калды. Билинбей 40 жылдай убакыт өтүп кетиптир.

— Айгүл гүлүн башка аймакка көчүрүп барып өстүрсө болобу?

— Жок, өспөйт экен. Кара-Булак айылынан башка жакка алып барышса да өскөн эмес. Белгилүү бир жерде гана өскөндүктөн баалуу болуп жатпайбы.

— Айгүл гүлдөгөн маалда барып көрүүгө ашыккандар арбын. Сиздин корооңузга киргендер ары таң калып, ары суктанып чыгышса керек.

— Албетте. Алыстан келгендер короого кирери менен таңыркап карап, суктанышат. Көпчүлүгү эң алгач "кантип өстүрдүңүз, чын эле Айгүл гүлүбү?" деген суроолорду узатышат. Анан дароо эле сүрөткө түшүп алалы деп суранышат. 

Краснокнижное растение Айгуль (рябчик Эдуарда), которую дома разводит 86-летняя Калча Матраимова из села Кара-Булак
© Фото / Диана Матисаева
Учурда Калча апанын үйүнүн алдында 150 түптөй Айгүл бар

— Өзүңүз мурда кайсы тармакта иштегенсиз, учурда канча небере-чөбөрөнүн төрүндө отурасыз?

— Мен ушул Кара-Булак айылында эле төрөлүп, чоңойдум. Кыйынчылык мезгил эле, 7-классты бүтүп, кийин окуй албай калганбыз. Өзүбүздүн айылга эле турмушка чыгып, беш уул, алты кызды тарбиялап чоңойттук. Буудай орот элек, колхоздун малына чөп жыйнайт элек. Жолдошум бригадир болуп иштечү, кийин мени китепканага жумушка киргизип, ал жерде 30 жылдай иштедим. Учурда ошол эмгектин үзүрүн көрүп, элге-жерге тынчтык берсе экен деп 27 небере, 26 чөбөрөм менен бака-шака болуп отурам.

0
Белгилер:
эмгек, кемпир, өстүрүү, Айгүл гүлү
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек