Өзүнө окшош 8 аялды жалдап, экзаменден өтмөкчү болгон депутаттын айыбы ачылды

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINЭкзамен тапшырып жаткан студенттер. Архив
Экзамен тапшырып жаткан студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экзамен өтүп жаткан аудиторияга жергиликтүү Nagorik TV телеканалынын журналисттери кирип барып, депутаттын ордуна келген аялды көрүп калышкан. Журналисттер суроо жаадыра баштаганда ал камера алдында бардыгын мойнуна алган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бангладеш парламентинин депутаты Таманна Нусрат университеттен  бакалавр даражасын алдамчылык жолу менен алууга аракет кылганы элге билинип калды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, депутат жогорку окуу жайда 13 экзамен тапшыруу үчүн өзүнө окшош сегиз аял жалдаган.

​Экзамен өтүп жаткан аудиториялардын бирине жергиликтүү Nagorik TV телеканалынын журналисттери кирип барып, депутаттын ордуна келген аялды көрүп калышкан. Журналисттер суроо жаадыра баштаганда ал камера алдында бардыгын мойнуна алган.

Мындай чуудан кийин эл өкүлүн жогорку окуу жайдагы тизмеден чыгарып коюшкан. Кийин университеттин кызматкери мугалимдер Нусраттын ордуна башка аялдар келип жатканын билип эле жүрүшкөнүн айтты. Бирок депутаттын ата-энеси таасирдүү адамдар болгондуктан эч ким ачык айткысы келген эмес.

Таманна Нусрат өзү комментарий берүүдөн баш тарткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0