Кытай: бизнесмен киллер жалдап, ал кийинкисине тапшырып... 5 киши алмашкан буюртма

© AFP / DANIEL RAMALHOТапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Риэлтердик компаниянын ээси Вэй аттуу атаандашын жок кылуу үчүн киллер жалдаган. Анткен менен адам өлтүргүчтүн кылган иштери өтө таңгалаарлык болуп чыкты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кытайда атаандашын жок кылууга буюртма берип, киллер жалдаган ишкер темир тордун ары жагына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Shanghaiist деп аталган жергиликтүү басылма жазган.

Адам өмүрүн кыюуга буйрук алган киши аны дагы башкасына тапшырып, кыскасы, бул "иш" бешөөнүн колунан өткөн.

Басылма демейкиден өзгөчөлөнгөн соттук жараян Гуанси-Чжуан автономиялык облусунда болгондугун жазды.

Окуянын учугу 2013-жылга туура келет. Риэлтордук компаниянын жетекчиси Тан Юхуэй көңүлүнө жакпай жүргөн Вэй аттуу атаандашын жок кылуу үчүн Си Гуаньгань ысымындагы киллерди жалдаган. "Кызматы" үчүн 2 миллион юанды (20 миллион сом) нак берип, өмүрүн аласың деген кишинин документтеринин көчүрмөсүн, сүрөтүн жана телефонун колуна карматкан.

Массовые расстрелы в Дейтоне - Sputnik Кыргызстан
АКШда бир сутканын ичинде эки ирет массалык киши өлтүрүү болду
Ал киллер буюртманы аткарбай, акчанын жарымын өзүнө калтырып, жарымына Мо Тяньсянь деген башка өлтүргүчтү жалдаган. Гуаньгань эгерде буюртма аткарылса, дагы ошончо сумма төлөөрүн убада кылган.

Экинчи киллер эмнегедир "ишти" үчүнчүсүнө тапшырып, ага 270 миң юань (2 миллион 700 миң сом) берген. Бул киллер да "милдетин аткарбай", ишкердин өмүрүн алууну төртүнчү кишиге, 200 миң юанга (2 миллион сом) баалаган. Төртүнчү киши да Вэйдин тагдырын бешинчи киллер — Линь Сянсиге табыштап, 100 миң юань (1 миллион сом) төлөгөн.

Мындай суммага ичи чыкпаган киллер ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры өмүрүн ала турган Вэй менен байланышып, эл көзүнө "өлгөн киши болуп коюуну" сунуштаган. Бул окуя 2014-жылы болгон. Мындай кабарды уккан ишкер түз эле полицияга барып, окуяны ийне-жибине чейин айтып берген.

Жыйынтыгында буюртма берген Тан Юхуэйден тарта киллерлерге чейин, жалпысынан алты киши соттолгон. Киши өлтүргүч жалдаган ишкер — 5 жылга, биринчи киллер — 3,5 жылга эркинен ажыраган. Экинчи жана үчүнчү адам өлтүргүчтөр — 3 жыл 3 ай, төртүнчүсү — 3 ай, ал эми "эң арзаны" — 2 жыл 7 айга кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0