АКШ: аял үйүнө эки жүздөн ашуун айбанатты кармаганы үчүн балдарынан ажырады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүҮй жаныбарлары. Архив
Үй жаныбарлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын жетекчиси Жо Мамони өмүрүндө мындай начар абалдагы үйдү көрбөгөнүн айтып, Балдар жана үй-бүлө иштери боюнча департаменти кыздарды өзүнө алып, жаныбарларды тийиштүү органдарга тапшырган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШнын Флорида штатынын тургуну үйүнө 245 айбанатты бакканы үчүн үч баласын багуу укугунан ажырады. Бул тууралуу полиция кызматкери маалымдаганын "Известия" басылмасы жазды.

Укук коргоо органдары бул окуя тууралуу штаттын тургуну кайрылгандан кийин билишкен. Грегг Нельсон аялы үйгө жаныбарларды кошо баккандыктан жашоо үчүн жакшы шарт калбай калгандыгын кабарлаган. Киши жубайы менен ажырашып, балдарын өзүнө алуу ниетин айткан. Бирок жубайы күйөөсүнүн мындай кадамына  макул болгон эмес.

Олень влетел в окно салона красоты и едва не снес клиентку. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жанды көзгө көрсөткөн бугу жана кыздын ач айкырыгы. Боорду эзген видео
Аталган дарек боюнча келген полиция кызматкерлери үйдөн жети жаштан 10 жашка чейинки үч кызды тапкан. Алар менен чогуу 245 жаныбар жашаган. Атап айтканда төрт ит, эки мышык, 12 коён, тогуз арс чычкан, төрт үй чычкан, 10 опоссум (желиндүү кемиргичтердин бир тукуму), 14 канаттуу, бир таш бака, бир кирпи жана 200дөй кадимки чычкан болгон.

Полициянын жетекчиси Жо Мамони өмүрүндө мындай начар абалдагы үйдү көрбөгөнүн айтып, Балдар жана үй-бүлө иштери боюнча департаменти кыздарды өзүнө алып, жаныбарларды тийиштүү органдарга тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0