Хабибди тамашага салып, чочуткан түрк ашпозчусу. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер жана чемпион Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер жана чемпион Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер жана чемпион Хабиб Нурмагомедов түркиялык белгилүү ашпозчу Бурак Өздемирдин ресторанына барган.

Ал жерден ашпозчунун атактуу мушкерди тамашага салган видеосу тарады. Бурак Өздемир чай куюлган табакты алып келе жатып, түшүрүп алчудай, тагыраагы, Хабибге төгүп алчудай түр көрсөткөн.

Муну байкаган мушкердин чочуп кеткендигин көрүүгө болот. Бош идиштерди көргөндөн кийин Хабиб жана анын жанындагылардын каткыра күлүп жатканы видеого түшүп калган.

Видео жарыяланары менен социалдык тармакка тарап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0