Түркия Сириядагы операциясын токтотконун жарыялады. Окуянын өнүгүшү кандай болду

© AFP / BULENT KILICСириядгаы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив
Сириядгаы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия 9-октябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышында күрд отряддарына каршы "Тынчтык булагы" аттуу операцияны баштаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түркиянын Сириядагы "Тынчтык булагы" операциясы азырынча токтотулганын өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Кечээ расмий Анкара менен Москва өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум кабыл алышкан.

Ошол эле учурда Чавушоглу операция толугу менен токтобогонун, армия зарыл болгон учурда күрддөргө каршы турууга даяр экенин айтты.

Орус-түрк меморандуму

Шейшемби күнү Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Сочи шаарында Сириядагы абалды алты сааттан ашык талкуулады. Жыйынтыгында президенттер араб республикаларынын айтмактык бүтүндүгү жана биримдигин, Түркиянын улуттук коопсуздугунун камсыздалышын сыйлай турганын жана Адана келишим колдоорун белгилешкен.

Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын мамлекеттик катчысы: Трамп Түркия менен согушууга даяр
Документте азыркы кво-статусу "Тынчтык булагы" операциясы жүрүп жаткан Телль-Абъяд менен Рас-эль-Айна ортосундагы аймакта сактала турганы көрсөтүлгөн. Алар 150 сааттын ичинде күрддөрдүн куткаруучу күчтөрүн жана курал-жарактарын чек арадан 30 чакырымдай алыс жерге алып чыгышат. Андан кийин чек аранын түндүк тарабынан чыгышты карай орус-түрк биргелешкен кайгуулу башталат.

Ошондой эле күрддөрдүн бөлүмчөлөрү Манбиджа жана Телль-Рифаттан чыгарылат.

Меморандумда Москва менен Анкара Сирия-Түркия чек арасынан террорчулардын кирүүсүн алдын алып, качкындардын коопсуз жана өз алдынча кайтып келүүсүн камсыздоо каралган. Булардан тышкары Россия менен Түркия Сирия боюнча меморандумдун аткарылышын биргеликте көзөмөлдөй турган механизмди түзүү жөнүндө да сүйлөшкөн. Документтин корутундусунда эки тарап тең Сирия жаңжалын чечүү үчүн Астана процесстеринин алкагында саясий чечимди табуу боюнча иш алып бара турганы жазылган.

Түркиянын Сириядагы операциясы

Түркия 9-октябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышында күрд отряддарына каршы "Тынчтык булагы" аттуу операцияны баштаган. Бул иш-чаралар Күрддөрдүн жумушчу партиясы менен "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы багытталган. Ушул эле күнү Түркиянын аскерий учактары Сириянын Рас эль-Айн шаарын жана эки мамлекеттин чек арасына жакын жердеги бир нече шаарга сокку урган. 20-октябрга алынган маалыматтар боюнча операциянын жыйынтыгында 765 террорчу жок кылынса, Түркиянын жети аскери набыт болгон.

Сирийские военнослужащие патрулируют тюрьму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда согушкерлер камалган 12 түрмөнүн кароосуз калгандыгы айтылды
Сириянын бийлиги Түркиянын басып алуучулук саясатын бир нече жолу сынга алган. Өз кезегинде Россия Түркия Сирия жаңжалын жөнгө салуучу аракеттерге каршы келген кадамдардан оолак болушу керектигин билдирген.

Ал эми 7-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп араб республикаларынын түндүгүндөгү Американын аскерлерин алып чыгарын жарыялаган.

Күрддөр менен Дамаск түрктөргө биргеликте каршы туруу боюнча келишимге кол коюшкан. Сириянын армиясы түндүк тарапка тартылып, буга чейин күрддөр ээлик кылган аймактарды көзөмөлүнө алган. Анын ичинде Ракка шаары да бар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0