Фермер 400 килограммдык ашкабак өстүрүп, андан кайык жасады. Видео

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАшкабак. Архив
Ашкабак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайынын айтымында, Оунби өсүмдүккө күндө суу куюп, ысыкта үстүн жаап, коңуздар каптап кетпеши үчүн андан көзүн алчу эмес.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШнын жашоочусу Жастин Оунби салмагы 400 килограммга чукул ашкабак өстүрдү. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазды.

Теннеси штатынын тургуну төрт жылдан бери салмагы 450 килограммдык ашкабак эккиси келген. Оюндагыдай түшүм алуу үчүн ал 700 килограммдык ашкабак өстүргөн таанышына кайрылып, уругун алган.

Жубайынын айтымында, Оунби өсүмдүккө күндө суу куюп, ысыкта үстүн жаап, коңуздар каптап кетпеши үчүн андан көзүн алган эмес.

Кийин фермер ашкабактын ичин тазалап, уругун чогултуп, кабыгынан кайык жасап алган. Ага отуруп алып сууда жүргөнүн жубайы сүрөт, видеого тартып, соцтармакка жүктөп койгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0