БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШлык Мишель Велес аттуу алып баруучу кош бойлуулуктун сейрек кездешүүчү түрүнөн улам рак илдетине кабылды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Аял боюна бүткөнүн тесттин жардамы менен август айынын башында эле билген. Бирок эки айдан соң УЗИге түшкөнү барса, ичинде түйүлдүк жок болуп чыккан.
"Дарыгерлер түйүлдүктүн ордунда залалдуу шишик пайда болгонун көрүштү. Көрсө аял сейрек кездешүүчү молярдык кош бойлуулук илдетине чалдыккан экен. Мында аялдын боюна бүтөт, бирок түйүлдүк өрчүбөй, катыган бойдон калып, анын ордуна шишик пайда болот", — деп айтылат макалада.
Анткен менен аял кадимки боюнда бардай ар кайсы нерсеге талгак болуп, көңүлү айнып, уйкуга тартып жүрө берет. Мындай илдет миң кош бойлуу аялдын биринде гана кездешиши мүмкүн.
Учурда алып баруучу химиотерапия жолу менен дарылана баштады. Дарыгерлер бул жаңы гана башталган шишик болгондуктан аны толугу менен жеңсе болорун айтып жатышат.