Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын 24 жаштагы ишкер толуктады

© AFP / Andre RinguetteКосмюмчан балдар. Архив
Космюмчан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sino Biopharmaceutical компаниясы Кытайдагы эң ири 20 ишкананын катарына кирет. Компания негизинен гепатит, шишик жана жүрөк кан-тамыр дартын айыктыруучу дарыларды чыгарууга адистешкен.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кытайдагы Sino Biopharmaceutical фармацевтикалык компаниясынын негиздөөчүлөрү уулуна ишкананын 20 пайыз акциясын белек кылды. 24 жаштагы Эрик Це эми 3,8 миллиард долларга ээлик кылып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктады.

Bloomberg басылмасынын жазышынча, Эрик Це ишкананын акциясын грант катарында алган.

Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Планетанын эң бай адамы бир түндө 7 млрд. долларын жоготту
Белгилей кетсек, аталган мекеменин баш кеңсеси Гонконгдо жайгашкан. Бул шаардын мыйзамдарына ылайык, ири суммадагы белек берүүдө же мурас калтырууда салык алынбайт.

Sino Biopharmaceutical компаниясы Кытайдагы эң ири 20 ишкананын катарына кирет. Компания негизинен гепатит, шишик жана жүрөк кан-тамыр дартын айыктыруучу дарыларды чыгарууга адистешкен.

Bloomberg басылмасы буга чейин дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмесин жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0