Японияда тайфундун кесепетинен 4,5 миңдей адам үйүнө кайта албай турат

© REUTERS / KYODO KyodoЯпониядагы "Хагибис" тайфунунун кесепети
Япониядагы Хагибис тайфунунун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы он жылдагы күчтүү тайфундардын бири 12-октярбрда башталган. Ал катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан менен коштолуп, дарыялар ташкындап, жерлерди суу каптаган. Көп аймакта топурактын кыртышына зыян келгени айтылууда.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Японияда эки жума мурда болгон "Хагибис" тайфунунун айынан 4,5 миңдей адам коопсуз жайларда кармалып, үйүнө бара албай турат. Бул тууралуу япон өкмөтүнүн басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен РИА Новости жазды.

Ылай, муз жана мелтиреген суу. Адамдарды суу басып калган жердеги видео - Sputnik Кыргызстан
Ылай, муз жана мелтиреген суу. Адамдарды суу басып калган жердеги видео
Маалыматка ылайык, 21 префектурадагы 77 турак жай кыйроого учураган. Бөтөнчө Фукусима, Ибараки жана Иватэ префектуралары катуу зыян тарткан. Беш миңдей үйдөн суу чыкпай калган.

Акыркы он жылдагы күчтүү тайфундардын бири 12-октярбрда башталган. Ал катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан менен коштолуп, дарыялар ташкындап, жерлерди суу каптаган. Ошондой эле көп аймакта топурактын кыртышына зыян келгени айтылууда.

Соңку маалыматтарга ылайык, жаратылыш кырсыгынан 88 адам көз жумду. Жаракат алгандардын саны 400дөн ашат, 7 адам дайынсыз болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0