Дарыгер балдарга тамак берүүдөгү ата-эненин негизги катасын атады

© Фото / Pixabay/ StockSnapТамактанып жаткан кыз. Архив
Тамактанып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис көп учурда ата-эне балдардын курсагын тойгузуп, бир нерсе жедириш үчүн алдай турганын, бул туура эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Балдар тамак-ашынын негизин кайра иштетилген азыктар түзбөшү керек. Бул тууралуу испаниялык диетолог Лусия Мартинес La Vanguardia басылмасына курган маегинде айтып, ата-энелердин башкы каталарын санап берген.

Адистин айтымында, эмчектеги балага же алты айдан өтүп, кошумча тамак жеп калган наристеге коробкадагы буламыктарды, кичирээк банкалардагы эзилмелерди берүүгө болбойт. Анткени бул азыктардын курамында шекер көп жана курамы бир түрлүү болуп саналат.

"Бала тамак жеп жатканда анын даамын, курамын иликтей баштайт. Тамак-аш көп түрлүү экенин аңдап билет. Буламык, пюре сыяктуу даяр тамактарды жеген бала пассивдүү болуп калат", — деди диетолог.

Выставка достижений сельского хозяйства в ГУМе - Sputnik Кыргызстан
Эттин сүрсүгөнү ышталганына караганда пайдалуу. Адистин кеңеши
Мартинес чоңоюп калган балдарга колбаса, наггетстердин ордуна эт жана жаңы даярдалган балыктарды берүү оң болорун белгиледи.

Мындан тышкары, адис көп учурда ата-эне балдардын курсагын тойгузуп, бир нерсе жедириш үчүн алдай турганын, бул туура эмес экенин айтты. Дарыгердин пикиринде баланын туура тамактанышы үчүн ата-эне үлгү болушу кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0