Эскире түшкөндө сатылышы кыйын автоунаалар аталды. Тизме

© REUTERS / Sheng Li / File PhotoРынок поддержанных автомобилей в Ляонине
Рынок поддержанных автомобилей в Ляонине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаалардын арасынан эгерде эскире түшсө эле Mercedes-Benz S600, BMW 750i, Volvo S80 V8, Volvo XC90 V8 автокөлүктөрүн сатуу оор экен.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Эксперттер эскире түшкөндө сатуу кыйынчылыкка турган автоунаалардын тизмесин чыгарды. Бул туурасында "Авторамблер" жазды.

Рейтинг боюнча биринчи тизмеде Volkswagen Tiguan турат. Анын себеби катары аба үйлөп киргизилген 1,4 TSI кыймылдаткычы ишенимсиз экендиги айтылды. Мындан улам газды бөлүштүргөн механизмде, күйүүчү май боюнча аппаратында, дагы бир нече жеринде маселе жаралышы мүмкүн.

Toyota RAV4 унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң популярдуу 5 жолтандабас. Тизме
Андан кийинки орунга Skoda Yeti чыкты. Анын кыймылдаткычында мандем бар дешти.

Начар деген автоунаалардын катарын Nissan Qashqai толуктады. Бул темир тулпардын үчүнчү орунда болушуна чакан кыймылдаткычына абанын басым менен үйлөтүлүп киргизилиши жана вариатор себеп болгон.

Төртүнчү катардан Nissan Terrano орун алды. Ал Renault Duster автоунаасынын көчүрмөсү катары каралгандыктан, албетте, кардар оригинал автокөлүктү тандайт дешти.

Булардан кийин Mercedes-Benz S600, BMW 750i, Volvo S80 V8, Volvo XC90 V8, Mazda CX-7 жана Haval H9 тизмеге кирди.

Буга чейин дүйнөдөгү эң коопсуз унаалар аныкталып, анын башына Mercedes-Benz A-Class чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0