Эркектин чачы эмнеге эрте түшөт? Окумуштуулар жаңы себебин тапты

Жазылуу
Изилдөөгө ылайык, жумуш убактысы аяктагандан кийин иштөө учурундагы стресстен улам баш териде гормоналдык өзгөрүү болуп, чачтын өсүшүн жайлатат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ашыкча көп иштөө эркектердин чачынын түшүшүн бир кыйла эртелетет. Мындай жыйынтыкка Кореянын Сонгюнгван университетинин окумуштуулары келгенин Medical Daily басылмасы жазды.

Японский университет судебной медицины Чиба - Sputnik Кыргызстан
Кишинин башына өскөн мүйүздү дарыгерлер араалап салды. Индиядагы окуянын сүрөтү
Илимпоздор 2013-жылдан 2017-жылга чейин 20 жаштан 59 жашка чейинки 13,4 миң эркекке көз салган. Алар изилдөөгө катышкандарды үч топко бөлгөн. Биринчи топтогулар жумасына 40 саат иштесе, экинчиси 52 саатка чейин иш үстүндө болгон. Үчүнчү топтогулар жумушта 52 сааттан ашык болушкан. Изилдөө учурунда иштөө графиги, жаш курагы, билими, үй-бүлөлүк абалы, жаман адаттары да эске алынган.

Адистердин баамында, аптасына 52 сааттан ашык иштеген эркектердин чачы эртерээк түшүп баштайт. Жалпыга белгилүү болгондой, стандарттуу иштөө графиги жумасына 40 саат болгонуна карабастан, көпчүлүк кызматкерлер иш күнү бүткөндөн кийин да калып иштешет.

Изилдөөгө ылайык, жумуш убактысы аяктагандан кийин калып иштөө учурундагы стресстен улам баш териде гормоналдык өзгөрүү болуп, чачтын өсүшүн жайлатат.

Эркектерде чачтын түшүшү 20-30 жаштан тарта байкалат. Андыктан окумуштуулар эркектерге иштөө сааттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0