Адамдын инсульт болгонун кантип билсе болот. Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДетский социально-реабилитационный центр "Отрадное"
Детский социально-реабилитационный центр Отрадное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсульттан адам өзүн толугу менен коргоп кала албашы мүмкүн, бирок алдын алып, аны болтурбай коюу жолдорун караштыруу зарыл. Туура тамактануу, артериялык кан басымды көзөмөлгө алуу биринчи орунда турат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Балдар менен чоңдордогу инсульттун шек-шыбатын кантип билиш керектигин Москвадагы балдардын башкы неврологу Татьяна Батышева айтып бергенин "Вечерняя Москва" жазган.

Биринчи белгилер адам шалдырап, капыстан эле бети, колу-буттары, көп учурда бир ыптасы жансыз болуп калат. Андан сырткары, бир же эки көздүн тең көрүүсү начарлайт, баш айланат, тең салмактуулук жоголот.

Инсульт болгондо сүйлөө жана башкаларды түшүнүү жөндөмү начарлайт, акыл-эс тумандап, баш ооруйт.

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сарыбаев: өлкөдө өлүмдүн 50 пайыздан ашыгына жүрөк дарттары себепкер
Бул ооруга кабылышы мүмкүн деген чоң кишилерге семиздиктен, атеросклероздон, артериялык гипертензиядан жана кант диабетинен жабырлангандар кирет. Андан сырткары, арак ичип, тамеки чеккендер да тизмеге кошулган.

Ал эми балдардыкы дароо байкалат. Кан тамыр системасынын оорулары, баш мээнин тамырларынын аномалиясы, тубаса же кийин пайда болгон жүрөк оорулары инсульттун жаралышына көмөкчү болот. Инфекциялык факторлорго да көңүл буруу керек.

Инсульттан адам өзүн толугу менен коргоп кала албашы мүмкүн, бирок алдын алып, болтурбай коюу жолдорун караштыруу зарыл. Туура тамактануу, артериялык кан басымды көзөмөлгө алуу биринчи орунда турат. Ар кыл жаракат менен инфекциялык ооруларга аз кабылуу бул илдеттен айланып өтүүгө жардам берет.

Ким болбосун инсультту профилактика кылуу, дарыгерге өз учурунда кайрылып туруу пайдасын гана тийгизбесе, зыян кылбайт.

Батышева инсультка кабылган адамдарга кантип жардам берсе болорун да айтып берген. Алгач Тез жардам чакыруу зарыл. Кишинин башын көтөрүп, 30 градус деңгээлинде жаткыруу керек. Капталдатып койгон жакшы. Эгер галстугу, моюн орогучу, байланган куру болсо дароо чечип, кан эркин жүгүргөндөй, аба өткөндөй кылуу зарыл. Адам инсульт болгон мүнөттөрү ооруну ары-бери кыймылдатып күйпөлөктөй берүүнүн кажети жок. Дары-дармек, суу бербеңиз, тамактандырбаш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0