Японияда министр депутат аялынын чуусу үчүн өз ыктыяры менен иштен кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРайон Тюо в Токио
Район Тюо в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда журналисттер министрдин жубайы Анри Каваи шайлоо штабынын кызматкерлерине жөлөк пул төлөп берген болушу мүмкүн деген маалыматты жазган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Япониянын юстиция министри Кацуюки Каваи депутат аялы мыйзам бузду деген чатактан жана ал маалымат тарап кеткен соң отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Элдин мыйзамга болгон ишеними жоголбош керек. Мен азыр эле премьер-министр Синдзо Абэге отставкага кеткеним боюнча арызымды жаздым", — деп аткаминердин айтканын NHK телекомпаниясы билдирген.

Салык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери канча салыкчы иштен айдалып, жазаланганы айтылды
Бул аптада япониядагы "Сюкан Бунсюн" басылмасы министрдин жубайы Анри Каваи шайлоо штабынын кызматкерлерине жөлөк пул төлөп берген болушу мүмкүн деген маалыматты жазган. Кеп ал акчанын мыйзам бекиткен чегинен эки эсеге көбөйүп кеткени боюнча жүргөн.

Анри Каваи июль айында Либерал-демократиялык партиядан Япониянын жогорку палатасына депутат болуп шайланган.

Юстиция министринин мындай чатакка аралашканы үчүн премьер-министр Синдзо Абэ да япон элинен кечирим сурады.

"Ал кишини кызматка дайындаган мен болчумун, андыктан жоопкерчилигимди сезим турам. Япон элинен бул кадамым үчүн кечирим сурайм", — деген Абэ.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев 16 аткаминерди ишиндеги алешемдик үчүн жазалады. Тизме
Каваи сентябрь айынан бери чатактан улам отставкага кеткен өкмөттүн экинчи өкүлү болду. Өткөн жумада элге шайлоо алдында коон таратканы үчүн экономика, соода жана өнөр жай министри Иссю Сугавара кызматынан кеткен. Ал шайлоочуларга белек тараткандан сырткары көз жумган кишини акыркы жайга узатууда акчаны көбүрөөк берген деп күнөөлөнгөн

Японияда кылган кызматынан кемчилик кетирсе, бийлик башындагылар токтоосуз отставкага кеткен тенденция дагы деле сакталып калган. Мындан эки жыл мурда Япониянын жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча министри Масахиро Имамура орунсуз сүйлөп алганын мойнуна алып, отставкага кетүүгө арызын жазган

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0