Шайтандан коркуу оору менен байланыштуу. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГенеральный прогон спектакля "Red Bull Изнанка"
Генеральный прогон спектакля Red Bull Изнанка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер иликтөө үчүн 30дан ашык өлкөдөгү миңдеген студенттен "ишеним жана шайтан" тууралуу берген маалыматтарын карап чыккан. Окумуштуулар "таза эмес күчтөр" жугуштуу оорулардан коргонууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн экенин аныкташкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу адамдын табияттан тыш күчтөргө, анын ичинде шайтанга ишенүүсү инфекциялык оорулардын тарашына байланыштуу экенин аныктаганын "Известия" жазды.

Кара тумоонун (чума — ред.) жана ушул сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылып кетиши адамды моралдык витализмге түртөт. Тагыраагы, ал ден соолугунун начарлашын жаман жана жакшы күчтөрдөн көз каранды деп ойлой баштайт. Окумуштуулардын айтымында, адамдын мындай жүрүм-туруму чындыгында эле илдетке кабылуу коркунучун азайтып, иммундук системаны бекемдей алышы ыктымал.

Детский социально-реабилитационный центр Отрадное - Sputnik Кыргызстан
Адамдын инсульт болгонун кантип билсе болот. Дарыгердин кеңеши
Адистер иликтөө үчүн отуздан ашык мамлекеттеги миңдеген студенттен "ишеним жана шайтан" тууралуу берген маалыматтарын карап чыккан. Окумуштуулар "таза эмес күчтөр" жугуштуу оорулардан коргонууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн экендигин аныкташкан.

Теориялык фольклористика илим-изилдөө лабораториясынын кызматкери Ольга Христофорова азыркы замандын кишиси эмне себептен шайтандардан коркорун түшүндүрүп берген. Анын айтымында, киши өзүнүн денесинде жана психикасында эмне болуп жатканын түшүнбөгөндө, ал ичине "каардуу күч" кирип алып, азапка салып жатканына ишендиргиси келет.

Адистер кандай гана оору болбосун, дарыгерге кайрылуу керек экендигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0