Адамдын эң узун тиши Гиннестин рекорддор китебине кирди

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүСтоматолог иш учурунда. Архив
Стоматолог иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын тургуну Мийо Водопийя тиш доктур Макс Лукаска үстүңкү бүйлөсү ооруп жатканын айтып кайрылган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Германиядагы тиш доктур бейтаптын өзгөчө узун тишин сууруганын FNP басылмасы жазды.

Немис гимнасты Йоханна Кваас 1925-жылы төрөлгөн. 2012-жылы эң улуу гимнаст катары мелдешке катышкан. - Sputnik Кыргызстан
Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп Гиннесстин китебине киргендер. Эсти оодарган 15 сүрөт
Ага ылайык, бир жыл мурда Мийо Водопийя аттуу бейтап тиш доктур Макс Лукаска жаагы ооруп жатканын айтып кайрылган. Рентгенге тарткандан кийин ооруган тиши адаттан тыш узун болгондуктан бүйлөнү шишитип оорутуп жатканы аныкталган.

Дарыгер тиштин оорусунан арылуу үчүн бейтапка аны жулуу керектигин айтып, ал макул болгон.

Жулунган тиштин узундугу 3,72 сантиметрди түзүп Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0