Окумуштуулар Жер планетасынын кайсы жеринде жашоо жок экенин айтышты

CC BY-SA 2.0 / Michael Meraner / Dallol 2Эфиопиядагы Даллол өрөөнү. Архив
Эфиопиядагы Даллол өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даллол өрөөнүндө өтө ысык (109 градус Цельсийге чейин жетет), абдан кычкыл жана курамында магний бар туздуу суу агат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Франциядагы Париж-Сюд университетинин окумуштуулар тобу Эфиопиядагы Даллол өрөөнүндө бактерия жок экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

"Жер планетасынын кээ бир жеринде суунун болушу ал жакта жашоо бар экенинин далили катары эсептелип келет. Бирок биздин изилдөө суу болгон жерде дагы жашоо жок болушу мүмкүндүгүн көрсөттү", — дешти окумуштуулар.

Алардын пикиринде, Даллол өрөөнүндө өтө ысык (109 градус Цельсийге чейин жетет), абдан кычкыл жана курамында магний бар туздуу суу агат. Мындай курамдагы суюктук тирүү клеткаларды жок кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0