БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Йога боюнча мурда инструктор болуп иштеген түштүккореялык Пак Жи Вон төрөттөн кийин 40 килограмм салмак таштап, андан кийин өмүр бою уу сөзү менен көңүлүн калтырып келген жолдошун таштап кетти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бир нече жыл мурда Пак кызын жарыкка алып келип, төрөттөн кийинки депрессияга кабылган. Мындан улам ал тамакты көп жей баштаган. Акырындап отуруп салмагы 86 килограммга жеткенин China Press жазат.
Бул убакыттарда анын күйөөсү келишимдүү болбой калганына нааразы болуп, зекип турган. Күйөөсүнүн сүйүүсүн кайтаруу үчүн келин 10 ай бою спорттук оор көнүгүүлөрдү жасап, мүнөздөп тамак ичкен. Натыйжада 40 килограммга арыктай алган. Анткен менен күйөөсүнүн жүрөгү жылыбай койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Пак ажырашууну чечкен. Кыздын айтымында, жолдошу менен кол үзүшкөндөн кийин жашоосу башка нукка өзгөргөн. Учурда ал социалдык тармак аркылуу арыктоо жана пайдалуу тамактардын рецептери тууралуу кеңештери менен бөлүшүп келет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 12 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы ирет Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Иш-чара дүйшөмбү күнү башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта өтүп жатат. Россия лидери пандемия маалында дүйнө кандай өзгөргөнү боюнча айтып, бардык өлкөлөрдү болушунча бири-бирине жакын ымалада болууга чакырды.
Путин дүйнөдөгү кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.
“Мындай абал менен макул болсо да, ага көнбөсө да болот. Бирок бир топ параметрлер – масштабы, комплекстүүлүгү, чакырыктардын системалык мүнөзү, ойлондурган кооптуулук — баары бир ага кандайдыр бир окшоштук чыгып калып жатат. Биз экономикалык өнүгүүнүн мурдагы ыкмалары менен инструменттеринин каатчылыгын көрүп турабыз. Социалдык катмарга бөлүнүү күчөп кеткен. Бул ааламдык деңгээлде да, бир катар өлкөлөрдүн мисалында да көзгө дароо урунат. Бул тууралуу мурда деле айтып келгенбиз, бирок бүгүн коомдо пикирлердин арбындыгын жаратып жаткан учур. Популизмдин, оңчул жана солчул радикализмдин, дагы башка чекке жеткендиктин өсүшүнө түрткү болууда. Ички саясий абалдын курчушу менен айыгышкан тирешүүлөр бир топ алдыңкы өлкөлөрдө арбыды", — деди Путин.Россия президенти мунун кесепети эл аралык мамилелерди дагы кыйгап өтпөй, туруксуздукка жана күтүлбөгөн окуяларга кептеп жатканын белгиледи. Эл аралык институттар алсырап, регионалдык жаңжалдар көбөйүп, глобалдык коопсуздук системасы деградацияланып жатканын айтып өттү.
Путин өзүнүн сөзүндө эл аралык мамилелерди чыңалуулар, глобалдуу чатактар, адамзаттын жашоо деңгээли, кирешелердин бөлүнүшү, жакырчылыктан чыгуу жана азыр ааламды силкинтип жаткан коронавирус пандемиясы, ага каршы туруучу вакциналардын жеткиликтүү болбой жатышы тууралуу кеп козгогон.
Россия президенти эмнеден кеп салганы боюнча бул жерден кеңири окуй аласыздар.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.