Улуу Британиянын полиция кызматкерлери. Архив

Жүк ташуучу унаадан табылган 15 киши. Британияда айдоочу кармалды

355
Кишилер унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Британиядагы Уилтшир графтыгынын полициясы жүк ташуучу унаага 15 кишини салып бара жаткан айдоочуну кармады. Ал жүргүнчүлөргө өлкөдөн мыйзамсыз чыгууга жардам берүүгө шектелип жаткандыгын "Известия" жазды.

Мыйзамды бузгандар тууралуу маалымат 6-ноябрь күнү түшкөн. Мигранттар унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынган.

Кармалган 50 жаштагы киши сурак берүү үчүн Суиндон шаарынын полиция бөлүмүнө алып келинген.

Ушул сыяктуу окуя 23-октябрда Англиянын Эссекс графтыгында да болгон. Анда 39 кишинин сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа Грейс шаарындагы өнөр жай зонасынан табылган. ЖМКлардын жазышынча, жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнө салынган кишилердин бардыгы тоңуп калган. Транспорт 19-октябрда Британияга Бельгиядан келген.

Кийин кылмыш ишине шектүү катары эки киши кармалган. Дагы үч киши бул ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн деп колго түшкөн. Бирок күрөө кепилдиги менен ноябрдын ортосуна чейин бошотулушкан болчу. Ал эми маркумдардын бардыгы Вьетнамдын тургундары экени аныкталган.

355
Белгилер:
полиция, жүк, унаа, Улуу Британия
Тема боюнча
Фурадагы 39 кишинин сөөгү: маркумдар кытай жараны эмес, башка болуп чыкты
Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы шайлоо участогунда добуш берип турат

Белоруссия: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

39
(жаңыланган 00:05 10.08.2020)
Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин Белоруссияны башкарып турмакчы.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Белоруссияда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 82 пайызын алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме кылып Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.

"БШКнын алгачкы маалыматы боюнча, Лукашенко беш аймакта биринчи келе жатат, добуштардын саны 82 пайызды көрсөттү. Тихановскаяныкы 5 пайызга жакын", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты.  Борбордук шайлоо комиссиясы  президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Социалдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн Жаштар лабораториясы добуш бергендер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Exit poll  320 тилкеде 12 миң адамды камтыгандыгын Sputnik Беларусь жазды.

Ал эми exit poll жыйынтыгы бир аз айырмаланат: 

  • Александр Лукашенко — 79,7 пайыз
  • Светлана Тихановская - 6,8 пайыз;
  • Анна Канопацкая - 2,3 пайыз;
  • Андрей Дмитриев - 1,1 пайыз;
  • Сергей Черечень - 0,9 пайыз.

Exit poll берген маалымат боюнча, шайлоочулардын 9,2 пайызы баарына каршы добуш берген.

БШКдан Белоруссиядагы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жума күнү чыга тургандыгын айтышты.

Президент аталган өлкөдө 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин бийликтин башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо. 

Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

Бүгүн талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган Лукашенко Белоруссияны 26 жылдан бери башкарып келет.

39
Белгилер:
добуш берүү, президенттик шайлоо, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоо болуп жатат
Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

Тоголото чаап, эсин оодарып... UFC Vegas 6 беттешиндеги сестенткен учурлардын видеосу

26
(жаңыланган 23:23 09.08.2020)
Бүгүн таңда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун Vegas 6 мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештеги башкы кармаш оор салмактагы мушкерлер АКШлык Деррик Льюис менен россиялык Алексей Олейниктин беттеши болду.

Мындан сырткары, бири экинчисин жыга коюп, аеосуз сабаган жана катардагы карддардагы беттештер өттү.

Мелдештин урунттуу учурларынан видео тасманы UFC Russia уюму өзүнүн Youtube каналына жарыялады.

Тепкилей берип жанын көзүнө көргөздү. ММА мушкерлеринин беттешинин видеосу

Мелдештин башкы беттешинде оор салмактагы мушкер (120 килограмм) Деррик Льюис Удав каймана аты менен таанымал россиялык Алексей Олейникти экинчи раундда нокаутка кетирип, жеңип алды.

26
Белгилер:
нокаут, мелдеш, UFC
Тема боюнча
UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео