Кечил аял. Архив

Африкадан кош бойлуу болуп кайткан италиялык кечил аялдар. Иликтөө жүрүүдө

5343
Кечил аялдын бири турмушу бузулган аялдар жана алардын балдарына жардам берген институтта иштейт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Римдик-католиктик чиркөө Африкадагы миссионердик сапардан кош бойлуу болуп кайткан кечил аялдарга карата иликтөө баштаганын The Sun жазды.

Аялдардын бири Сицилиядагы чиркөө коомунда кызмат кылат. 32 жаштагы кечил аял ичи ооруганынан УЗИге түшүп, кош бойлуу экенин билген.

Ал эми жаш курагы белгисиз болгон экинчи кечил аял турмушу бузулган аялдар жана алардын балдарына жардам берген институтта иштей турганы аныкталган.

5343
Белгилер:
иликтөө, кош бойлуу, аялдар, Африка
Тема боюнча
Үч айлык боюнда бар аялдын ичинде түйүлдүк жок болуп чыкты. АКШдагы окуя
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

29
(жаңыланган 15:50 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

29
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады
Бейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив

Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

133
(жаңыланган 15:21 11.08.2020)
Бүгүн Россиянын дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

133
Белгилер:
каттоо, вакцина, коронавирус, Владимир Путин, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт