Арак ичип жаткан адам. Архив

Америкалык инженер аракты таштагандан кийин укмуштуудай өзгөрдү. Сүрөт

726
Ал ичимдикти студент кезинен тарта иче баштаган. Алгач жөн гана эс алып, көңүл ачуу үчүн колдонсо, кийин баш-оту менен кирип, араксыз тура албай калган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. АКШлык Кенни Ди аттуу инженер ичимдиктен толугу менен баш тарткандан кийин жашоосу канчалык өзгөргөнүн көрсөттү. Бул тууралуу BoredPanda сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.

 

Инженер из США Кенни Ди до и после полного отказа от алкоголя
© Фото опубликовано на сайте Bored Panda
Инженер из США Кенни Ди до и после полного отказа от алкоголя

Инженердин сүрөттөрүн BoredPanda сайты жарыялады.

Ал ичимдикти студент кезинен тарта иче баштаган. Алгач жөн гана эс алып, көңүл ачуу үчүн колдонсо, кийин баш-оту менен кирип, араксыз тура албай калган. Жадакалса, бир күндө 20 бөтөлкөдөн ашык ичимдикти түгөтүп койгон учурлар болчу.

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде аракечтикти токтотууну чечкен.

"Ичип жүргөндө мына азыр өлөсүң деп бирөө айтса деле баары бир болуп калган. Бир күнү күзгүнүн алдында өзүмдү карап, соо тургандагы кебетемди көргүм келди. Ошондо эмнеси болсо дагы аракты ташташым керек деп чечтим", — дейт инженер.

Ошол күндөн тарта ал жеген тамагынын рационуна чейин өзгөртүп, машыгуу залына бара баштаган. Атургай аракечтиктен кутулууну көздөгөн адамдардын тобуна кошулуп, алардын жыйындарына катышчу. Ал жерден Ди ичимдиксиз өткөргөн ар бир күнү үчүн бирден сары жетон алып, убакыт өткөн сайын кантип өзгөрүп жатканын байкоо үчүн өзүн сүрөткө тарта баштаган.

2-ноябрь күнү ал аракты таштаганына туптуура үч жыл болуп, азыр жашоосунда жаңы максаттар, пландар пайда боло баштаганын жазган.

726
Белгилер:
ичимдик, Сүрөт, аракеч, инженер, АКШ
Тема боюнча
Кыргызстандыктардын ичкен-жегени акыркы 28 жылда кандай өзгөрдү. График
Дарычылыкка болот. Арак кайсы ооруга чоң жардам берери айтылды

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

28
Афроамерикалык жарандын полиция кызматкеринин колунан каза табышы АКШда толкундоолорду шарттап, ал массалык башаламандыкка айланып кетти. Окуянын АКШнын саясий айдыңына кандай таасир берээрине россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Жорж Флойддун өлүмү жана андан кийинки окуялар АКШдагы шайлоо кампаниясында колдонула турганында шек жок эле. Башкы сокку расизм жана афроамерикалык кишини өлтүргөн полиция кызматкерлеринин мыкаачылыгы үчүн күнөөлөнгөн Трампка узатылары божомолдонгон. Бирок окуянын өрчүшү менен реалдуулук демократтарга кезектеги күтүүсүз белегин тартуулай турган болуп калды.

АКШ лидери мыкты даярдалган спектакль коюп берди. Катуу сүйлөп, алгач акция катышуучуларын "бунт чыгаргандар" деп, бир катар штат жетекчилерин тынч элдин коопсуздугун коргой алган жоксуңар деп күнөөлөп, башаламандыкты токтотуу үчүн бардык федералдык ресурсту, керек болсо армияны колдонорун айтты.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жаткан маалда полиция коменданттык сааттан улам Лафайет-скверди митингчилерден бошотуп жаткан эле.

Андан соң өлкө башчы резиденциядан чыгып, бир күн мурун радикалдар өрт койгон Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барды. Библияны бийик көтөрүп, өлкө коопсуздугун камсыздоону убадалады да "АКШ — дүйнөдөгү алп мамлекет" экенин жар салды.

Президенттин мындай кадамына илгиртпей жооп кайтарылды. Конгресстеги демократтардын лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын аракеттерин "коркоктук, натыйжасы жок жана кооптуу" деп баалашты.

Кескин сынды Нью-Йорк менен Орегондун губернаторлору да жаадырышты. Ал эми Нью-Йорктун мэри Муриэа Баузер Лафайет-скверди курал-жараксыз акция өткөрүп жаткандардан тазалоону абийир алып келбей турган кадам деп сыпаттады.

Россиялык көз караш менен алып караганда мунун баары кыйла кызык. Бир четинен жергиликтүү жана аймактык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын башаламандыкты басуу үчүн жетишсиз экени айгине болуп турат. Экинчи жагынан президент сөөмөй кезеп, коркуткандан башка абалды турукташтыруу үчүн алгылыктуу кадам жасай элек.

Мунун жандырмагы америкалык мамлекеттик системанын өзгөчөлүгү менен бүгүнкү күндөгү саясий каршылашуунун өтө одоно жүрүшүндө.

АКШда федералдык борбор менен штаттардын ыйгарым укуктарын бөлүп кароо кыйла татаал, бирок жалпы жонунан аймакта болуп жаткан нерсе үчүн жоопкерчилик регионалдык бийликтин мойнунда. Бул укук коргоо органдарына да тийиштүү, мындан улам күч түзүмүнүн структурасын да оңой менен түшүнө албайсың.

Буга расалык негизде чыккан башаламандыктын Америка үчүн эч жаңылыгы жок экенин кошо кетели. Мындай окуялар өлкөдө байма-бай кайталанып турат. Эң белгилүүсү 1992-жылы Лос-Анджелесте болгон, бирок көпчүлүк 2014-жылы Фергюсондогу акцияларды жакшы билет.

Федералдар мындай окуяларга алы жетпей баратканын туюп-сезген штат бийлигинин өтүнүчү менен гана кийлигише алат. Мындан тышкары, губернаторлордун башын аттап күч колдонууга президент укуктуу, бирок бул учурда жоопкерчиликтин баары ага жүктөлүп калат.

Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан башаламандык штаттын көпчүлүк бөлүгүнө (50дөн 45инде) жайылды. Бирок талап-тоноочулук, зомбулук Демократиялык партиянын "жеринде" болуп жатат. Бул Трамптын жеңишке жетүүгө кыпындай да мүмкүнчүлүгү жок аймактар.

Демократ-губернаторлордун катуу чара көрүүгө даярдыгынын жоктугун түшүнсө болот: алар негизинен басымдуу бөлүгү мародерчулукка да күч колдонууга каршы турган электоратка таянып жашайт.

Айтор, Америкадагы жарандык-саясий каршылашуудагы тараптардын баары өз пикирин билдирди. Демократтар толкундоолор өзүнөн өзү басаңдагандан кийин консерваторлордун расизм боюнча көз карашы менен күрөшүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууга ниеткер.

Президент болсо республикачы губернаторлор элди тезирээк тартипке келтирет деп ишенип турат. Бирок жабыр тарткан шаарлар менен демократ-саясатчылардын абалды жөнгө салууга жөндөмүнүн жоктугу республикачы штаттардын консолидациясын эле эмес, олку-солку болуп турган региондорду да Трампка ыктатып койду.

Ошол эле учурда оркоюп чыгып турган эки көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Биринчиси — ашкере күч колдонууга ыктап турган америкалык укук коргоо органдарындагы системалуу расизм, экинчиси — кандай гана максат менен уюштурулган митинг болбосун, аны токтотуу зарылдыгы.

Бирок бул Американын колунан келбес иш болуп калды шекилдүү.

28
Белгилер:
Дональд Трамп, шайлоо, саясат, полиция, өлүм, акция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

366
(жаңыланган 16:52 03.06.2020)
Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

366
Белгилер:
видеоконференция, доклад, күлкү, депутат, жылаңачтануу, Ирландия, Европарламент
Тема боюнча
ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео
Учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив

Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты

0
Эгер аэропорттордогу текшерүү учурунда жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери (дене табы көтөрүлүп, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу) байкалса, ал ооруканага жаткырылары айтылды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстандын ичинде авиакаттам менен каттай турчу жүргүнчүлөргө атайын эрежелерди иштеп чыкты.

Маалыматка караганда, мындай иштер коронавирусту алдын алуу жана аны жайылтып албоо максатында жасалууда.

Жүргүнчүлөр үчүн иштелип чыккан эреже, талаптар:

  • "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун имаратына билеттери бар авиажүргүнчүлөр гана киргизилет;
  • Жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөндөр да кире алышат;
  • Алардын жанында авиабилеттин өзү же телефонунда электрондук версиясы болушу керек;
  • Жүргүнчүлөрдү узатып келгендер, тосуп алгандар имараттын ичине киргизилбейт;
  • Жүргүнчүлөр аэропортко каттоо башталганга чейин эки саат эрте келиши керек;
  • Аэробекеттин кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүктөр дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт. Ошондой эле алардын дене табы сөзсүз текшерилет;
  • Ар бир жүргүнчү бет кап тагынып, аралыкты сакташы зарыл;
  • Эгер текшерүү учурунда коронавирустун белгилери (дене табы көтөрүлүп, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу) байкалса, ал адам ооруканага жаткырылат.

Республикалык штаб өлкө ичинде каттай турчу жүргүнчүлөргө айтылган эрежелерди так сактоого чакырды.

Эске салсак, 5-июндан тарта өлкөдө ички авиарейстер менен аймактар аралык коомдук транспорт иштеп баштайт.

0
Белгилер:
коронавирус, эреже, штаб, авиакаттам, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Июнда Кытайдан жол кура турган адистер менен куруучулар алып келинет
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт