Россиялык продюсер Заворотнюктун учурдагы абалы тууралуу айтып берди

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүПремьера фильма "Великий Гэтсби"
Премьера фильма Великий Гэтсби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык белгилүү продюсер Анастасия Заворотнюктун саламаттыгы тууралуу жагымдуу кабар менен бөлүштү.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, актрисаны дарылоодо жакшы жылыштар болуп жатат.

"Аябай этияттык, абдан кылдаттык менен айтайын, өтө коркунучтуу божомолдор жок, Настянын абалы жакшырып баратат. Тилекке каршы, мурда Настянын дарыгери менен байланышып жаткан булагым азыр сүйлөшпөй калды. Бирок мага жеткен маалыматтар боюнча Настя жакшы болуп баратат. Баарыбыз анын саламаттыгын, батыраак айыгып, катарыбызга кошулушун тилейбиз. Настя, сенин сакайып кетишиңди тилеп отурабыз", — деп жазган Разин.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Андрей Разин "Ласковый Май" (@razin_andrei_lm)

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0