Тактага жазуу. Архивдик сүрөт

Тогуз жашар вундеркинд университеттин дипломун алат. Нидерланддагы окуя

(жаңыланган 16:15 13.11.2019)
Ата-энеси уулунун башкача экендигин эрте билишкен. Атасы анын башка балдардан айырмаланып оюнчукка көп көңүл бурбагандыгын айткан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тогуз жаштагы нидерланддык вундеркинд Лоран Симонс жакында Эйндховендеги техникалык университеттин дипломун алат. Бул туурасында BBC жазды.

Кичинекей болуп туруп жогорку билимге жетип, диплом алган 9 жаштагы Майкл Карни АКШдагы Алабама университетин аяктаган.

Лоран Симонс электротехника факультетинде билим алат. Университетке ал бир жыл мурда өткөн.

Орто жана жогорку класстардын мектеп программасын 1,5 жыл мурда өздөштүргөндүгү айтылат. Ал учурда бала сегиз жашта болгон жана орто билимге ээ деген аттестат алган.

Каникулдан соң окуусун университетте улантып, программаны курсташтарына караганда тез өздөштүрүп алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Laurent Simons (@laurent_simons)

Тестиердин IQ сү 145ке тең экени жана көрүп, эске сактап калуусу мыкты экендиги айтылат. Лоран өзү сүйүктүү предмети математика экенин, себеби анда геометрия, алгебра бар экендигин билдирген.

Бала келечекте кардиохирург кесибин аркалагысы келет экен. Мектепте окуп жүргөндө эле ал Амстердам университетиндеги медицина факультетине өтүп алган.

Лоран Симондун айтымында, адамдын өмүрүн узартуучу каражат тапкысы келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Laurent Simons (@laurent_simons)

Анын энеси голландиялык, атасы бельгиялык. Өзү Бельгияда туулуп, кийин үй-бүлө Нидерландга көчүп келген.

Ата-энеси уулунун башкача экендигин эрте билишкен. Атасы анын башка балдардан айырмаланып оюнчукка көп көңүл бурбагандыгын айткан.

"Эгерде эртең плотник болом десе, биз үчүн маселе деле жаратпайт. Башкысы, балам бактылуу болсо болду", — дегени жазылган. Бул туурасында ал Лоран университетке өткөндө айткан.

Белгилер:
диплом, Университет, бала, Нидерланды
Тема боюнча
Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив

Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө

(жаңыланган 23:11 18.04.2021)
“Талибан”* террордук уюму Кошмо Штаттарга Афганистандан аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүгө катуу талап коюп, Вашингтонду көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтарууда.

АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.

АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.

Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.

Аткарылышы кыйын

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".

Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.

Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.

Макулдашуу тынчтыкты камсыздай албады

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.

Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.

Өлкөдө талибдердин бийлигинин тушунда (2001-жылга дейре) аялдар билим ала алышкан эмес, үй-бүлөдө ала жипти аттагандар калаанын аянттарында дарга асылган, уурулардын колдору кесилип, ал эми телевидениеге театр жана музыка менен катар тыюу салынган.

Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.

"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.

* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Белгилер:
Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби
Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту

Кыргызстандык гимнаст Ташкенттеги эл аралык фестивалда алтын утту. Видео

(жаңыланган 16:45 18.04.2021)
"Жибек Жолу" деп аталган балдар сынагы 15-17-апрелде Ташкент шаарында өткөн. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.

БИШКЕК, 18-апр.— Sputnik. Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Юная гимнастка из Кыргызстана Аина Маратова завоевала золотую медаль международного фестиваля детского циркового искусства Шелковый путь в Ташкенте
© Фото / предоставлено Аидой Акматовой
Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту

Ага ылайык, "Жибек Жолу" деп аталган балдар сынагы 15-17-апрелде Ташкент шаарында өткөн. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.

Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Казакстандан барган катышуучулар өнөрлөрүн мамлекеттик циркте көрсөтсө, Россия менен Украинанын артисттери коронавирус пандемиясынан улам номерлерин онлайн тартуулашкан.

Кыргызстандык жаш гимнаст кызды Аида Акматова жетектеп барып, ал буту менен жаа аткан. Сынактын аягында Аина Маратова биринчи орунду ээлеп алтын медаль тагынса, дагы бир алтын өзбекстандык Далер Хаметовго буюрган.

Экинчи орунду Өзбекстандын атынан катышкан Анастасия Бобылева менен Мубина Ганиева алса, үчүнчү орун өзбекстандык Ксения Конюшенко, Ксения Бобровага жана Украинанын атынан катышкан Анна Левинага берилген. Гран-прини казакстандык Арина Стаценко алып кеткен.

Белгилер:
сынак, өнөр, цирк, Ташкент, Өзбекстан
Тема боюнча
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду