АКШга моюн толгогон Түркия. Трамп менен Эрдоган С-400 маселесин чечүүгө ниеткер

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКомплекс ПВО С-400 "Триумф" заступил на боевое дежурство в Севастополе
Комплекс ПВО С-400 Триумф заступил на боевое дежурство в Севастополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки президент Түркияга С-400 комплексин жеткирүү боюнча маселени чечмей болушту. Аскерий саясат таануучу Андрей Кошкин АКШ лидери үчүн бул бир нече себептерден улам маанилүү деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиянын Россиядан чыккан С-400 комплекстерин сатып алуу ниети Анкара менен Вашингтондун мамилесине доо кетирет. Мындай билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында жасады.

Бирок эки лидер тең комплекске байланышкан келишим маселелерин талкуулоого да даяр экендиктерин айтышты.

"Биз бул тууралуу дайым сүйлөшүп келгенбиз, сүйлөшө беребиз", — деген Трамптын сөзүн РИА Новости келтирет.

АКШ президенти кесиптеши менен эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилерине жана тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилерине "С-400 көйгөйүн" чечүү боюнча иштерди баштоого тапшырма бергендиктерин белгиледи.

Sputnik радиосуна маек куруп жатып аскерий саясат таануучу, Плеханов атындагы Россия экономикалык университеттин саясат таануу жана социология кафедрасынын жетекчиси Андрей Кошкин Түркиянын С-400 комплекстерин сатып алышы АКШ үчүн кадимкидей эле айбат көрсөтүү экенин белгиледи.

"Албетте, АКШ үчүн Түркиянын С-400гө ээ болуусу айбат көрсөтүү болуп саналат. Түркия Түндүк Атлантика альянсындагы экинчи армия. Мындай кырдаалда моюн толгоо, АКШ менен кызматташуудан баш тартуу Американын дүйнөдөгү биринчилигинен шек жаратат. Ошондуктан Дональд Трамп болгон аракетин көрүүдө. Биринчи кезекте — санкциялар менен коркутуу.

АКШнын Сириядагы максаты эмне. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Сириядагы максаты эмне. Видеобаян
Бирок мындан майнап чыккан жок. Эми Эрдоганды ар кандай сунуштар менен кызыктырып, ымалага келүүгө аракеттенип жатат. Бул бөлүп-жаруунун геосаясий коңгуроосу, бул өзгөчө Сирияга тиешелүү. Анын үстүнө Трамп алдыда боло турган шайлоого да баш-оту менен кирип кетти. АКШ лидери үчүн Америка өзү түзүп алган тышкы саясатынын алкагында Түркия менен мамилени жолго салуу өтө маанилүү", — деди Кошкин.

Белгилей кетсек, Россиянын абадан болчу чабуулдан коргонуучу С-400 комплекстерин алуу боюнча келишим Анкара менен Вашингтондун ортодогу алакасына бир топ доо кетирген. АКШ Түркиядан келишимди бузууну талап кылып, анын ордуна америкалык Patriot комплекстерин алууну сунуштаган. Болбосо Анкарага F-35 истребителдерин сатуудан баш тартып, санкция киргизмектигин айткан. Түркия буга макул болбой койгон. Зениттик-ракеталык комплексти жазында ишке киргизүү пландалып жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0