Рактан айыкканын билген аял миллион фунт стерлинг утуп алды

© AFP / ALAIN JOCARD Лотерейный билет Euro Millions в Франции
Лотерейный билет Euro Millions в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял рактан айыккандыгын ага келген каттан окуган. Бир нече мүнөттөн кийин күйөөсү алардын миллион фунт стерлинг утуп алганын кабарлаган.

БИШКЕК, 15-ноя — Sputnik. Улуу Британиядагы Нью-Тредегар шаарынын жашоочусу эмчек рагынан айыккандыгын уккандан бир нече мүнөт өтүп миллион фунт стерлинг утуп алган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

55 жаштагы Линн Прайс ага келген катты ачып, 2015-жылдан бери ооруп келе жаткан эмчек рагынан айыккандыгын окуган. Бир нече мүнөттөн кийин эле 53 жаштагы күйөөсү Дэвид үйгө кирип келип, EuroMillions лотореясынан миллион фунт стерлинг (90 миллион сом) уткандыгын сүйүнчүлөгөн.

Бул кабарды уккан аял ваннага кирип кетип, сууда эки саат жаткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0