Татаал маселе. Аскерий эксперт Эрдогандын С-400 боюнча айтканы тууралуу

© AFP / MANDEL NGANВизит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана США
Визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия президенти өлкө С-400 комплексин сатып алуудан баш тартпай турганын жар салды. Мамлекет башчынын АКШга болгон сапарынын жыйынтыгына аскерий баяндамачы Юрий Котенок Sputnik радиосунун эфиринде баа берди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Түркия Россиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алуу чечимин суверендүү укугу деп эсептейт. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган АКШга болгон сапарынан кайтып келе жаткан жолдо айтты.

"Биз С-400 комплексинен баш тартуу талабын туура эмес деп эсептейбиз. Андан таптакыр баш тарып, Patriot (АКШ комплекси) системасына өтүп кетүү мүмкүн эмес. Биз Patriot системасын да сатып алабыз дедим, бирок С-400дү да албай коюуга болбойт. Бул биздин суверендүү укугубуз", — деген Эрдоган Вашингтондон кайтып келе жаткан учакта.

Президенттин сөзүн Түркиянын NTV каналы келтирди.

Трамп менен Эрдоган Россиянын С-400 комплекси үчүн урушпай эле коюуну чечти - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Эрдоган Россиянын С-400 комплекси үчүн урушпай эле коюуну чечти
Өлкө башчысы жалпысынан анын АКШга болгон сапары жагымдуу маанайда өткөнүн, ал эми ортодо пайда болгон пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болорун айтты.

"Биз F-35 (АКШ истребителдерин алуу боюнча) боюнча оң жыйынтыкка жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Бул жолкусунда аталган маселени чечүүгө Трамптын ою жакшырганын байкадым", — деди түрк лидери.

Бул билдирүүлөргө "Сегодня.ру" порталынын башкы редактору, аскерий баяндамачы Юрий Котенок Sputnik радиосунун эфиринде комментарий берди.

"Эрдоган дагы бир жолу өзүнүн майтарылбас позициясын көрсөттү. Бул бир мамлекет башка өлкөлөргө өз оюн таңуулоого аракет кылып жаткан шартта олуттуу кадам болуп саналат. Андыктан Трампка ачык эле жок деп кесе айтканы Эрдоганга упай гана алып келет", — деди Котенок.

Анын айтымында, азыркы тапта Түркия бийлигинин алдында татаал маселе турат.

"Түркия регионалдык держава деген аталыш үчүн эле эмес, стратегиялык деңгээлге чыгууга да аракет кылып жатат. Эрдогандын алдында оор маселе турат — ал НАТОдогу мүчөлүгүн сактап калып, Москва менен мамилесин жакшыртышы керек. Мындай кырдаал өз кезегинде АКШнын нааразычылыгын туудурууда. Бул багыттан алып караганда, өзгөчө Эрдоганды сындыруу аракеттеринин фонунда сапардын жыйынтыгы жакшы болду. Эрдогандын билдирүүлөрү (С-400 боюнча) аны азырынча ийге келтирүү мүмкүн болбой жатканынан кабар берет. Бирок АКШнын амалы да күч экенин унутпашыбыз керек. Мындан улам Түркия да ар кандай чагымчыл аракеттерге даяр болушу зарыл", — деди Котенок.

Анкара менен Вашингтондун мамилесинин бузулушун шарттаган С-400 комплекстери июлдун ортосунан тарта жеткириле баштаган. Түркия система 2020-жылдын апрелинде ишке кире турганын айткан. АКШ бул аракеттен баш тартып, Америка чыгарган Patriot комплекстерин алууну талап кылган. Болбосо F-35 истребителдерин сатпай, санкция киргизе турганын айтып, коркуткан. Анкара АКШнын айтканын аткарбай койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0