Ажырашкан эркек киши. Архивдик сүрөт

Италияда ажырашкан эркектер үчүн баш пааналоочу жай ачылды

92
Статистикага ылайык, Италияда ажырашуулардан кийин турак жай маселеси көпчүлүк учурда балдарын өз камкордугуна алган жубайлардын пайдасына чечилет.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Италияда ажырашкандан кийин үй-жайсыз калган эркектер үчүн баш пааналоочу жай ачылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Статистикага ылайык, Италияда ажырашуулардан кийин турак жай маселеси көпчүлүк учурда балдарын өз камкордугуна алган жубайлардын пайдасына чечилет. Ал эми эркектер алимент төлөөгө милдеттендирилет. Андыктан Италияда ажырашкан эркектердин күнүмдүк жашоосу кыйындап, айрымдары баш калкалар жай таппай калышат.

Ушул жагдайларды эске алуу менен ыктыярчылар менен христиан уюмдары ажырашкан эркектерге баш пааналоочу жай — пансионаттарды сунуштай баштаган. Бул жактан алар психологиялык жардам алып, балдары менен жолуга алат. Мындай жайда бир жылдан ашык жашоого болбойт.

92
Белгилер:
Италия, эркек, алименты, ажырашуу
Тема боюнча
Осмонов: алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылган аялдар көбөйүүдө
Ачикеев: алимент төлөөдөн баш тарткандардын мүлкү камакка алынат
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко с сестрой бойцом UFC Антониной Шевченко во время тренировок

Алгачкы жолу! UFC эже-сиңди Шевченколорду бир турнирде октагонго чыгарат

5
(жаңыланган 19:27 15.08.2020)
Валентина мелдеште чемпиондук наамын коргосо, эжеси Антонина рейтинг үчүн кармаш өткөрөт. Анын атаандашы ушул сааттарда белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколордун катышуусунда өзгөчө беттеш даярдап жатканын MMA Uno спорттук порталы жазды. 

Маалымат боюнча, алгачкы жолу бир тууган кыздар чогуу турнирде беттешет. Кармаштар ушул жылдын 21-ноябрында UFC 255 турниринин алкагында өтмөкчү.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Спорттук иш-чаранын башка беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майя менен кармашып, чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калганга жан үрөйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от World of MMA (@worldofmma.cz)

Ошол эле убакта Антонина бразилиялык дагы бир мушкер Ариана Липски менен күч сынашат.

Соңку беттешинде 35 жаштагы Антонина калыстардын чечими менен америкалык Кэтлин Чукагянга утулган.  Анда дагы промоутерлик компания өзгөчө беттеш тартуулаган. Тагыраагы, Валентинага утулган Чукагян анын эжеси менен жолуккан болчу.

5
Белгилер:
турнир, беттешүү, Антонина Шевченко, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Испаниялык Барселонанын чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси. Архивдик сүрөт

ЖМК: "Бавариядан" ири эсепте утулган Месси "Барселонадан" кетерин жар салды

167
(жаңыланган 18:06 15.08.2020)
33 жаштагы Лионель Месси клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мюнхендик "Бавария" кечээ "Барселона" клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан. Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири утулуш болду.

Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

Маалыматта 33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат. Мындан сырткары, Месси "Барселона" менен түзүлгөн келишими 2021-жылы аяктаганда кете ала турганы белгиленет. Футболчуну командада алып калууга клубдун жетекчилигиндеги кескин өзгөрүүлөр себеп болору айтылып келет.

Аргентиналык футболчу "Барселона" командасында ойнойт. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген.

167
Белгилер:
келишим, Барселона, футбол, Лионель Месси
Тема боюнча
КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт
"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү