Париждеги башаламандык. Полиция көздөн жаш чыгара турган газ чачты. Видео

© REUTERS / CHARLES PLATIAUДемонстрации по случаю первой годовщины движения "желтых жилетов" в Париже
Демонстрации по случаю первой годовщины движения желтых жилетов в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргонуучу каражаттары жок адамдар газдан улам жөтөлүп, аба жетпей кыйналышты. Кээ бирлери бутуна тура албай куласа, кеминде үч адам эс-учун жоготуп койгон.

БИШКЕК, 16-ноя. – Sputnik. “Сары кемселчендердин” каршылык акциясы учурунда кармалгандардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин 46 киши кармалганы айтылган болчу.

​Бүгүн, 16-ноябрда, Франциянын борбор калаасында “Сары кемселчендердин” кыймылынын бир жылдыгына карата каршылык акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары тосмолорду орнотуп, полиция менен тирешүүдө. Тартип сакчылар аларга каршы бир нече ирет көздөн жаш чыгара турган газ чачты.

​Коргонуучу каражаттары жок адамдар газдан улам жөтөлүп, аба жетпей кыйналышты. Кээ бирлери бутуна тура албай куласа, кеминде үч адам эс-учун жоготуп койгон. Жардамга келген ыктыярчылар тротуарда жаткандарды көтөрүп кетишкен. Мындай көрүнүштөн кийин митингчилер полицияга чабуул жасашты.

Акция учурунда бейбаштар бир нече таштанды челекке, унааларга өрт коюшту, андан чыккан түтүн көздөн жаш чыгара турган газ менен аралашып абаны булгады. Жерине куткаруучулар келип өрттү өчүрүүгө аракет жасашууда.

​Эске салсак, Францияда “Сары кемселчендердин” каршылык акциясы бир жыл мурда башталган. Алар күйүүчү майга болгон салыктын жана бензиндин кымбатташына каршы болуп, шаарда башаламандык жаралган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0