Эмгек өргүүгө чыкпай иштөө кандай кесепеттерге алып келери айтылды

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUОтдых во французском городе Кабур
Отдых во французском городе Кабур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин билдиришинче, организм эс алуу режимине беш күндөн кийин өтөт. Андыктан эмгек өргүүгө бир жума эмес, 14 күнгө чыккан туура.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Эмгек өргүүдөн баш тартуу адамдын эмоционалдык жана физикалык абалына терс таасирин тийгизип, жашоосунун кыскарышына алып келет. Бул тууралуу "Известия" Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Москвадагы департаментинин калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам берүү боюнча адиси Андрей Тяжельниковго шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, организм эс алуу режимине беш күндөн кийин өтөт. Андыктан эмгек өргүүгө бир жума эмес, 14 күнгө чыккан туура.

Адис эс алуу кыймыл-аракет менен өтүүсү зарылдыгын белгиледи.

"Кечке керебетте жатып, телевизор көрүү менен организмди толук өзүнө келтирүү мүмкүн эмес", — деген Тяжельников.

Уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уйкусу канбаган адамдын психикасы өзгөрөт. Иликтөөнүн жыйынтыгы
Ал мындан тышкары эки жылдан ашык эмгек өргүү албай иштегендердин ден соолугу бузулуп, өмүрүнө коркунуч жараларын айткан. Себеби өтө чарчоо жүрөк кан тамыр, азык сиңирүү жана нерв системасына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле эс алуудан көп ирет баш тарткандардын өмүрүнүн узактыгы орточо эсеп менен 10 жылга кыскарышы мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0