Кофенин өмүрдү узартчу касиети бар. 12 жылдык иликтөөнүн жыйынтыгы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин эсептөөсү боюнча, эрте өлүмдүн алдын алуу үчүн бир күндө ашып кетсе төрт чыны кофе ичүү керек. Андан көп болуп кетсе зыяны тиет.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кофенин курамындагы антиоксиданттардын ири көлөмү узак жашоону шарттай алат. Бул тууралуу окумуштуулардын билдирүүсүнө таянуу менен "Известия" жазды.

Адистер 12 жыл бою таза кофенин организмге болгон таасирин иликтеп, аталган суусундукту жакшы көргөндөр көп жашарын аныкташкан.

Занятия йогой - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты
Кофенин мындай таасирин окумуштуулар андагы антиоксиданттардын көптүгү менен байланыштырышты. Алар кычкылдануу процесстерин жана клеткалардын бузулушун жайлатып, зат алмашуудагы эркин радикалдарды жок кылат да, сезгенүүнүн алдын алат.

Илимпоздор кофенин данынан миңге чукул антиоксидант табышкан. Аны кууруганда дагы жүздөгөн антиоксидант пайда болору маалым болду. Адистердин эсептөөсү боюнча, эрте өлүмдүн алдын алуу үчүн бир күндө ашып кетсе төрт чыны кофе ичүү керек. Андан көп болуп кетсе зыяны тиет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0