Ким Чен Ын: аскерий машыгуу учурунда согушка даярдануу маанилүү

© REUTERS / KCNAТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Түштүк Корея Пхеньянды денуклеаризация боюнча сүйлөшүүлөргө алып келүү үчүн абадагы аскердик машыгууларын кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 18-ноя. – Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын дүйшөмбү күнү Аскер-аба жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгууларына катышып жатып, өлкөнүн согушка даярдыгын күчөтүү зарылдыгын айткан. Бул туурасында РИА Новости Борбордук телеграф агенттигине таянып кабарлады.

Ким Чен Ын "талаа нускамаларын" Түштүк Корея менен АКШнын чечиминен кийин жасаган. Эки тарап Пхеньянды денуклеаризация боюнча сүйлөшүүлөргө алып келүү үчүн абадагы аскердик машыгууларын кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алган.

"Машыгуулар менен текшерүүлөрдү эскертпей, катаал шартта, кадимки согуш сымал, формалдуулукка таянбай жүргүзүү зарылдыгы турат. Муну Корей элдик армиясынын аскердик бөлүктөрүнүн согушка даярдыгын жана алардын чыдамдуулугун жогорулатуучу мүмкүнчүлүк катары колдонушубуз керек", — деген Ким Чен Ын.

Маалыматта ал машыгуулардын жыйынтыгына канааттанганы жазылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Ким Чен Ын көзмө-көз сүйлөштү
Пентагондун жетекчиси Марк Эспер жекшемби күнү АКШ менен Түштүк Кореянын ноябрдын аягына пландалган аскердик машыгуулары токтотулуп турарын билдирген. Бул Түндүк Корея менен алакаларды жөнгө салып алуу үчүн жасалганын айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп кесиптеши Ким Чен Ынды денуклеаризация боюнча келишимди "тезирээк" түзүүгө чакырып, жакын арада жолуга турганына убадасын берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0